Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Бишкекте Иракка согуш ачуу ниетине каршы митинг болуп өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанындагы аянтта Иракка согуш ачууга каршы «Согушсуз дүйнө үчүн» деп аталган митинг болуп өттү. Ага төрт жүздөй адам катышты. Митингдин катышуучулары «Согуш аркылуу Иракты демократиялаштыруу - зөөкүрдүк», «Бизди согушка түртпөгүлө», «Бүгүн Иракта, эртең Борбордук Азияда» деген плакаттарды кармап турушту. Митингдин катышуучулары дүйнөдөгү ар кандай согушка каршы экендиктерин айтышып, Иракка байланыштуу маселенин тынчтык жол менен чечилишин жактай тургандыктарын билдиришти. Мындай акция Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы, Жоокерлердин энелеринин комитети, «Виктор» кайрымдуулук фонду, Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы жана башка бир нече бейөкмөт уюмдар тарабынын уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG