Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: «ТАШКЕНДЕГИ ЖОЛУГУШУУДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ МИНАЛАР ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛГОН ЖОК»


11-13-март күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланышкан маселелерди эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы Ташкен шаарында талкуулады. Анын жыйынтыгы тууралуу кыргыз делегациясынын башчысы, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов ой бөлүшөт.

- Базарбай мырза, жуманын башында Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Өзбекстанда болуп, чек ара, чек арадагы текшерип-өткөрүүчү пункттарды биргелешип коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөдүбү. Андагы башкы маселелердин бири - Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак анклавына байланышкан маселе кандай чечилди?

- Биздин Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак деген айлыбызга транспорттун, жарандардын катташы тууралуу маселени карадык. Анткени январь айында Өзбекстандын бийлик органдары биз менен макулдашпай туруп Баракка барган жолду жаап салышкан. Биз Өзбекстандын өкмөтүнө кайрылып, бул маселени биргелешип чечели дегенбиз. Биз ал жерде эки күн бирге олтуруп сүйлөштүк. Биздин айткан сөзүбүзгө алар макул болушуп, Барак айлына кеткен жолду бир-эки күндүн ичинде ачууга макулдук беришип, протоколго кол койдук. Протоколго кол коюлгандан кийин ал Өзбекстандын тиешелүү бийлик органдарына берилди. Алар жолду кайра мурдагы калыбына келтирүүгө милдеттенме алышты.

- Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 2000-жылдын 2-июлунда кол коюлган макулдашуу боюнча өзбек тарап ал жакка жарандарды эркин өткөрүшү керек эле…

- Биз да ошол макулдашууга таянып туруп, «силер макулдашуунун шарттарын буздуңар, анын негизинде чек арага жакын жердеги эл эркин каттташып турушу керек» десек, алар «туура, бизден кемчилик кетиптир, Барактын жолун ачабыз» деп макул болушту.

- Эми жолду жапканынын негизги себебин алар эмне менен түшүндүрүштү? Бул Өзбекстандын жогорку бийлиги тарабынан чечилген маселе бекен же жергиликтүү бийликтери жасаган иш бекен?

- Өзбекстан чек арасынын баарын жаап атпайбы. Анын себеби - «Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада текшерип-өткөрүүчү пункттардын саны каралып, чечилген эмес, макулдашууга кол коюлган эмес» деген шылтоо. Бул жагынан алганда Өзбекстандын мындай мамилеси туура. Бирок, экинчи жагынан караганда жүз жылдап катташып келаткан жолду жабуунун зарылдыгы жок эле. Алар андан тышкары ар кандай себептерди айтып жатышат. Биринчи себеп - «Өзбекстандын аймагына аткезчилик менен көп товар келип, валютаны алып чыгып кетип жатышат. Кытайдын сапаты начар товарлары көп кирип, Өзбекстандын ички рыногунун абалын начарлатып жатат» деп чек арасын жаап жатат. Эми бул ар бир мамлекеттин өз иши. Бирок алар эки өлкөнүн ортосунда келишимдерди так аткарууга милдеттүү. Сүйлөшүүлөрдө биз: «Өзбекстандын жарандары өз өлкөсүнүн бир аймагынан экинчисине барыш үчүн Ош, Жалалабад, Баткен облустары аркылуу өтүшөт. Бирок Кыргызстандын бийлиги бир да жерде Өзбекстандын жарандарына, транспортуна же жүгүнө эч кандай тоскоолдук кылган жок. Ошону билип койгула» дедик.

- Ал эми чек арадагы текшерип-өткөрүүчү пункттарды биргелешип коюу боюнча макулдашуу качан даяр болот?

- Ошол макулдашуунун долбоорун биз эки жолу жолугуп талкууладык. Балким ушул жолугушуудан кийин тексти даяр болуп, кол коюуга берилет деген ой бар. Себеби, көп пункттар боюнча биздин жана Өзбекстандын эксперттеринин пикири бирдей. Аны биз дагы, өзбек тарап да тезинен бүтүрүүгө дилгирбиз. Анткени эртерээк бүтүрбөсөк жанагыдай окуялар боло берет экен да…

- Чек арадагы текшерип-өткөрүүчү пункттар боюнча макулдашууда канча пункт болот деп киргизилип жатат?

- Алдын-ала эсеп боюнча кыркка жакын пункт болот деген ойдобуз.

- Бул макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан бир пикирге келе албай жаткан кандай олуттуу учурлар бар?

- Кайчы пикирлер текстти түзүү, принципиалдуу кайсы маселелерди киргизишибиз керек деген эле суроолор боюнча болуп жатат. Конкреттүү пункттар боюнча эч кандай деле карама-каршылык болбойт го деген ойдобуз.

- Кыргызстандын Карасуу шаары менен Өзбекстандын Карасуу шаарын ортосундагы Шахрихансай суусундагы көпүрө маселеси көтөрүлдүбү? Ал качан кайра оңдоло турган болду?

- Биздин сүйлөшүүлөргө ал көпүрө тууралуу маселе киргизилген эмес. Бирок, протоколго кол коюлгандан кийин мен Шахрихансайдагы көпүрөнүн кандайча бузулгандыгын далилдеген сүрөттү көрсөтүп: «Ушул эки шаарды кошуп турган жалгыз көпүрөнү бузганыңар туура эмес болду. Эл муну туура эмес көрүп, чек арадагы байланышыбыздын начарлашына алып келди», - деп айттым. Алар буга макул болушуп, жанагы пункттар жөнүндөгү макулдашууга Карасууну да киргизип, көпүрөнү кайра калыбына келтирели дешти. Эми бул көпүрө жанагы макулдашууга кол коюлгандан кийин гана кайра калыбына келтирилет го…

- Өзбекстан өз чек арасын бойлото койгон миналардын картасы тууралуу сүйлөшүү болдубу? Ал маселе кандай чечилчүдөй?

- Ал маселе тууралуу сөз болгон жок.
XS
SM
MD
LG