Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

ОРУСИЯНЫН АСКЕР УЧАКТАРЫ КАНТ АБА МАЙДАНЫНА АПРЕЛДЕ КЕЛЕТ


Бүгүн Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен Орусиянын Аскер-аба күчтѳрүнүн колбашчысы, авиациянын генерал-полковниги Владимир Михайлов келди. Анын иш сапары Канттагы аба майданында түзүлүп жаткан кыргыз-орус аскердик авиабазасын уюштурууга жана тийиштүү келишимдерди даярдоого арналат.

Орусиянын Аскер-аба күчтѳрүнүн колбашчысы, авиациянын генерал-полковниги Владимир Михайловдун “ИЛ-16” учагы Кант аба майданына Бишкек убактысы боюнча саат 17.30 да, белгиленген убакыттан 3 саатка кечигип конду.

- Иш сапарымдын максаты – апрель айында Кант аба майданына «СУ-25» жана «СУ-27» учактары келип конот. Мен ага даярдыктын жүрүшү менен таанышайын деп келдим, - деди Владимир Михайлов журналисттерге.

«Кантка канча учак келип, туруктуу жайгашат?» деген суроого ал так жооп айтпай:

- Бизге кандай тапшырма жүктөлсө ошого жараша учактардын саны аныкталат, - деди.
«Азаттыктын» кабарчысынын ««Кантка» Орусиянын канча аскери келип, туруктуу жайгашат?» деген суроосуна Орусиянын Аскер аба күчтѳрүнүн колбашчысы:

- Алгач 200дөй аскер болот, кийин алардын саны 400-500гө жетет, - деп жооп берди.

Владимир Михайловдун айтымында, Кантка жайгаша турган кыргыз-орус авиабазасынын негизги максаты региондогу туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо болуп эсептелет.
Владимир Михайлов - Канттагы аба майданын өз көзү менен көргөн Орусиянын үчүнчү бийик даражалуу аскер адамы. Буга чейин – 2002-жылдын 4-декабрында - Кантка Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов келип, аба майданы менен таанышып чыккандан кийин, анын абалын канаатандырарлык деп баалаган. Сергей Ивановдун иш сапары Орусиянын президенти Владимир Путиндин 5-декабрдагы сапарына туш келди. Журналисттердин «эгер террористтик уюмдар кол салып калса Канттагы авиабаза жардамга келеби?» деген суроосуна Сергей Иванов «биз ошол максат үчүн ушул жердебиз, террористтер кол салып калса аларды абадан бомбалайбыз» деген.

Көпчүлүктү кызыктырган дагы бир суроо - авиабаза кимдин эсебинен кармалып, кайсы мамлекеттин эсебинен кайра жаңыланат деген маселе. Бул тууралуу Владимир Михайлов «азырынча каржылоонун жолдорун макулдашып жатабыз» деп кыска гана жооп айтты. Ал эми Сергей Иванов 4-декабрда «Кант аба майданын тартипке келтириш үчүн көп деле каражат талап кылынбайт. Бул жерде баардыгы жетиштүү» деген эле. Кант аэродромун техникалык жактан жасап чыгууну жана анын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүүнү Орусия тарап өзүнө алаарын 2002-жылдын 23-январында Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары Анатолий Ноговицин Бишкекке келген учурунда айткан. Анын айтымында, Кант орус аскер базасы болот, бирок ал КМШнын «Тез аракетке келүүчү жааматтык күчтөр» уюмунун алкагында аракеттенет. Ѳзүнүн орун басарынын мындай сөзүн Владимир Михайлов да «Кантта КМШнын Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү жайгашат» деп ырастады.

2002-жылдын 4-декабрында Тажикстандан жана Орусиянын Липецк шаарынан «СУ-25» жана «СУ-27» истребителдери Кант аба майданына учуп келишип, Сергей Иванов жана Эсен Топоев баштаган аскер башчыларына жана журналисттерге учактардын мүмкүнчүлүктөрүн кѳрсѳтүшкѳн болчу. Ошондон улам аскер адамдары Кант аба майданынын абалын негизинен дурус деп баалашууда.

Владимир Михайлов эртең Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен Бишкекте жолугуп, алар ошол эле күнү Кантка келишет да, сүйлѳшүүлѳр аба майданынын өзүндө улантылат. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, Владимир Михайлов баштаган орусиялык делегациянын мүчөлөрү кыргызстандык кесиптештери менен бирге «Кыргыз-орус авиабазасын түзүү тууралуу» келишимдин долбоорун иштеп чыгышат. Бул документ апрель айында Тажикстандын борбору Дүйшѳмбү шаарында өтө турган КМШ мамлекеттеринин саммитинде талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG