Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Эл өкүлдөрүнүн жалпы кытай жыйыны – парламент ишемби күнү өлкөнүн төрагалыгына КПКнын баш катчысы Ху Цзиньтаону шайлады. Кытайдын маалымат каражаттары, бардык телеканалдары бул күндү тарыхый дата деп атап жатышат. Сессияда мындан тышкары төраганын орунбасарлыгына Цзэн Цинхун шайланды.

Сессияда Ху Цзиньтаонун кандидатурасы жашыруун-жабык колго салынып, добуштардын 99,8 процентин алды. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң Цзянь Цзэмин дүркүрөгөн кол чабуулар алдында мураскерин кызуу куттуктап, ага Кытайдын мамлекет башчылык мандатын өткөрүп берди. Төрагалыкка Цзиньтао келеринен эч ким деле күмөн санаган эмес, мунун баары КПКнын былтыр ноябрдагы курултайында аныкталган эле. Ошентсе да бул окуя жалпыкытай жыйынын быйылкы жылдагы сессиясынын эң башкы чечими болду. Ошол эле күнү депутаттар, партиялык форумдун чечимине ылайык, төраганын орунбасарлыгына Цзэн Цинхунду шайлашты.

Төрагалык кызмат - Кытайда мамлекеттик эң жогорку мансап. Төрага өлкөнүн мыйзамдарын жарыялайт,өкмөттүн составын аныктап,анын жетекчилерин дайындайт жана алмаштырат, мамлекеттин ички жана тышкы саясатын тескеп,контролдоп турат. Төрагалык кызмат 1954-жылы киргизилип,1975-жылы жоюлуп кеткен. Бирок 1982-жылы аны кайра калыбына келтиришкен.Төрага беш жылдык мөөнөткө шайланат. Байкоочулардын көпчүлүгү Кытайдын жаңы төрагасы Ху Цзиньтаого бул кызматка жатыгып, анын кыныгып тапканга, демек, коомду толук өз контролдугуна алганга бир топ жыл керек болот дешет. Ага чейин Цзиньтао экс-төрага Цзян Цземиндин ыгы менен болуп,анын көзөмөлүндө турат. Сессия Цзян Цземинди борбордук аскерий кеңештин төрагалыгына кайра шайлады. Кытайдын шартында армияга жетекчилик кылган адам иш жүзүндө реалдуу бийликтин ээси эсептелинет. Мындан тышкары Цзян Цземиндин командасындагы байистүү реформаторлордун көбү жаңы бийликте калганы да азыркы саясий структуранын стабилдүүлүгү үчүн олуттуу огожо болот дешет.

Эски гвардия же жетекчилердин “үчүнчү мууну” бийликте турган жылдары Кытай ири ийгиликтерге жетишти: бир катар экономикалык реформалар жүзөгө ашырылды, өлкөнүн валюталык запасы 290 миллиард доллардан ашты, тышкы сооданын көлөмү былтыр эле 600 миллиард долларга барабар болду. Экономикалык өнүгүүнүн деңгээли жыл сайын 7 проценттен төмөндөй элек. Иши кылып, Кытай бүгүн улам күчтөнүп күр болуп бараткан мамлекет. Эл аралык аренада,ООНдо, регионалдык жана дүйнөлүк башка уюмдарда Кытайдын аброю жана ролу чыңдалды. Ошону менен бирге эски жетекчиликтен социалдык-экономикалык маанидеги татаал проблемалар да мураска калды. Жумушсуздук күч алып, региондордун көпчүлүгү, өзгөчө батыш провинциялары жакыр-бакырларга быкылдап толуп баратат, коррупцияга каршы күрөштө кыйын-кычык кырдаал түзүлдү. Мунун баары калктын бийликке, айрыкча партияга ишеничин азайтып жатат. Жаңы төрага Ху Цзинтао дароо эле реформаларга кирише турганы арсар, бирок ага баары бир 1 миллиард 200 миллиондуу кылкылдаган Кытайды экономикалык жана коомдук кайра куруулардын туташ тилкелери аркылуу алып өткөнгө туура келет.
XS
SM
MD
LG