Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Баткен облусунда «Германиялык техникалык борбор» аттуу долбоор иштей баштады


БАТКЕН. Германиянын өкмөтү каржылаган бул долбоор - Ооганстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда ишке ашып жаткан ушундай эле 3 долбоордун бир бөлүгү. Долбоор негизинен айыл-чарбасын көтөрүү, кайра иштетүү, маркетинг жана жеке менчик секторду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү менен облус калкынын жакыр катмарынын турмуш-шартын жакшыртуу максатын көздөйт. Долбоордун кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана жамааттык топтор менен тыгыз иш жүргүзүп, алар үчүн керектүү машыгуу сабактарын өткөрүп турушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG