Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Жалалабадда мажоритардык шайлоо системанын артыкчылыгы жана шайлоодогу өкмөттүн ролу талкуланды


ЖАЛАЛАБАД. Коррупцияга каршы күрөшүү уюму менен Демократияны өнүктүрүүнүн улуттук фонду уюштурган тегерек үстөлгө облустагы «Атамекен», «Эрк» партияларынын, коммунисттик партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын 50дөй мүчөсү катышты. Мажоритардык системанын шайлоодогу артыкчылыгы, ачык коомду куруу туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев, Жарандык лидерлер форумунун төрайымы Төлөкан Исмаилова, «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев баяндама жасашты. Чыгып сүйлөгөндөр оппозициялык партиялардын өз ара мамилеси, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого партиялык тизмени кийирүү, жарандык коомду өнүктүрүү боюнча өз ойлорун ортого салышты. Бийлик өкүлдөрү тегерек үстөлгө келишкен жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG