Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

КМШнын Экономикалык кеңешинин башчылыгына Кыргызстандын өкүлү шайланды


БИШКЕК. КМШнын Экономикалык кеңешинин 14-мартта Москва шаарында өткөн жыйынында анын төрасы болуп Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, ал эми теңтөрагасы болуп Казакстандын вице-премьер-министри Карим Махимов шайланышты. Ишемби күнү Жоомарт Оторбаевден алынган маалыматка караганда, отурумда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык карым-катнашты чыңдоо багытында ар түрдүү 19 маселе каралып, бир нече келишимдин долбоорлору даярдалды. Оторбаевдин айтымында, мындай келишимдердин долбоорлору үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Москва шаарында өтө турган жыйынына сунушталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG