Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

ЕККУнун төрагасынын өкүлү Бишкекте бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 17-мартта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Варшава бюросунун демократиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Эрик Руденшольт баштаган топ Аксыда былтыр окко учкан жарандарды эскерүүгө катышат. Бул тууралуу 15-мартта азыр Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн ЕККУнун азыркы төрагасынын өкүлү Даан Евертстин бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен болгон жолугушуусунда кабарланды. Жолугушууга «Интербилим» бейөкмөт уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов, Бишкектеги Хельсинки тобунун жетекчиси Игорь Варенников, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева, «Жаш ордо» уюмунун башчысы Шамил Шаршек уулу катышты. Талкуу Кыргызстандагы демократиялаштыруу жараянынын айланасында жүрүп, негизинен өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын азыркы абалы көңүл борборунда болду. Ушул эле күнү ЕККУ төрагасынын өкүлү уюмга мүчө болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG