Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасынын өкүлү Даан Евертс Кыргызстанга өлкөдөгү саясий кырдаал менен таанышып, конституциялык реформанын алгачкы натыйжаларынан кабар алыш үчүн келди. Ал ушу маселелерди 14-мартта президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, депутаттар,15-мартта болсо бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушуп талкуулады. Даан Евертстин жолугушуулардан кийинки баамында, Кыргызстандагы конституциялык реформа өз натыйжасын берет.
- Бул учур Кыргызстандын тарыхындагы жаңы баракты ачып жатат, - дейт Даан Евертс. - Анткени, Омбудсман институту сыяктуу көз карандысыз органды калыптандыруу, өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга да зор шарт түзө турган тармактык соттор пайда болууда. Ушундан улам мен Кыргызстандын бийлиги менен оппозициясы мамлекеттин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган бирдиктүү жолду иштеп чыга алат деген ойдо турам.
Даан Евертс президент Аскар Акаев менен жолугушууда Конституциянын жаңы редакциясындагы жаңы жоболорду турмушка ашырууга зарыл болгон мыйзамдарды иштеп чыгуу жагынан ЕККУ өз жардамын сунуш кылаарын кабарлады:
- Биз жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда экспертиза жана кеңеш берүү жагынан көмөгүбүздү сунуштадык. Андан тышкары, ошол мыйзамдарды иштеп чыгууда зарыл болгон бардык жардамыбызды бергенге даярбыз.
Даан Евертс Кыргызстандагы сапарынын учурунда массалык маалымат каражаттарынын эркиндигине кызыгып, президент менен жолугушканда Кыргызстанда басма сөздүн эркиндигине тоскоол болгон айрым көрүнүштөр боюнча ЕККУ тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Даан Евертстин айтымында, президент А. Акаев «ага кабатыр болууга негиз жок» деп ишендирди.
Ал эми президенттин мындай ишендирүүсүнө толук негиз жок экендигин бейөкмөт уюмдардын лидерлери Даан Евертс менен 15-мартта жолугушканда кабарлашты. Ал тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов:
- Биз кечээ эле «Кыргыз ордо» гезитинин соттолуп, ага 500 миңдеген сомдук айыппул салынгандыгын айттык. Андан тышкары «Моя столица» гезитине басым жасалып жаткандыгын билдирдик.
Даан Евертс жолугушууларда, мындан тышкары, бийлик менен оппозициянын чыныгы диалогго барышына шарттын бар-жогуна кызыкты. Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик менен оппозициянын ортосунда андай шарт боло электигин айтышкан:
- «Аксы окуясынан кийин Конституциялык Кеңешме түзүлгөндө ага катышып, ишенип барганбыз. Бирок, ушул жылдын январь айынын башында Конституциянын таптакыр башка жаңы редакциясы сунушталгандан кийин оппозицияда ишеним калбай калды», - деп айттык. Бирок, ошого карабастан оппозиция азыр деле диалогго барууга даяр экендигин белгиледик. Ошентсе да бийлик диалогго барбай, куугунтукка алып, бейөкмөт уюмдар менен өкмөт чет өлкөлүк элчилер аркылуу сүйлөшүп жаткандыгы бизге жакпай тургандыгын айттык.
Даан Евертс Кыргызстандын тартип коргоо органдары эл аралык стандарттарга ылайык жабдылып, иштеши үчүн ЕККУ жаңы ири долбоорду ишке ашыра тургандыгын кабарлады. Анын айтымында, мындай долбоорду ишке ашырыш үчүн уюм 3 миллион 600 миң евро бөлүүдө. Бул каражаттын эсебинен тартип коргоо органдары ишти демократиялык негизде жүргүзүп, жарандар менен жогорку адистик деңгээлде иш алып барышына шарт түзүлүш керек.