Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

АКСЫ ОКУЯСЫНА БИР ЖЫЛ БОЛДУ


17-мартта кандуу Аксы окуясына бир жыл болот. Жети адамдын өмүрүн алып кеткен бул трагедиядан сабак алындыбы? Окуя бир жылдан кийин кандай бааланууда?

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири болгон Аксы трагедиясынын чыгышына 2002-жылы 5-январда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы негизги себеп болгон. Муну Аксы окуясын иликтөө боюнча премьер-министр Николай Танаев башында турган мамлекеттик комиссия да моюнга алган. А. Бекназаровдун камакка алынышы менен коомчулуктун нааразычылыгы күчөп, саясий ачкачылык акциясы башталган эле. Алардын катарындагы Шералы Назаркулов 22 күн ачкачылык кармоодон 7-февралда каза болду. Мындан эч ким сабак албады. Натыйжада 17-мартта Эркиналы Четимбаев, Сатымбай Үркүнбаев, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев Боспиекте милиция менен кагылышта окко учту. 18-мартта Анарбек уулу Элдар Кербенде милициянын огунан каза болду. Ал эми Медетбек Бекмуратов уруп-согуудан жан берди.

Мына ушул кайгылуу окуя бир жылдан кийин коомчулук, бийлик тарабынан кандай бааланууда? Оппозициялык маанайдагы «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасынын орун басары, Аксы окуясынын катышуучусу Турсунбек Акун былтыркы 17-марттагы окуяны мындай баалады:

- Аксы окуясы - кыргыздын илгерки Үркүнүнө, 1930-жылдардагы репрессияга, 1990-жылдагы Ош окуясына тете окуя. Бул окуяларда канчалаган жаш жигиттерибизден айрылганбыз. Аксы окуясы мына ушундай тарыхый чоң окуялардын катарында турат.

Ал эми президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Аксы окуясына мындайча баа берди:

- Бул кабырганы кайыштырган кайгылуу окуя болду. Ошондой кайгылуу окуя болбосун. Кудай бизди бөөдө кырсыктан тышкары кылсын. Мындан ары жакшылык, тынчтык болсун деп иш жүргүзүп жатабыз.

«Аксы окуясынан сабак алындыбы?» - деген суроого:

- Бул окуя Коопсуздук Кеңешинде каралды, жаза ала тургандар жазасын алды. Күнөөлүүлөр иштен бошотулду. Кылмыш жообуна тартылчулар тартылып жатат. Дагы эмне керек? – деп жооп кайтарды Болот Жанузаков.

Ушундай эле суроого Турсунбек Акун башкача жооп берди:

- Бийлик да, оппозиция да, эл да мындан тиешелүү жыйынтык чыгара албады. Биринчиден, Аксы окуясынын чыгышына күнөөлүүлөр, адамдарды аткандар жазасын алган жок. Президент тарабынан, бийлик тарабынан саясий баа берилиши керек эле, андай баа берилген жок. Оппозиция демократияны, адам укугун коргоодо биримдикти көрсөтүшү керек эле, андай болбоду. Анан элге келсек, жалгыз Аксы эли кыйналып, балдары өлдү. Калган региондордун элдери да буга баа бериши керек эле.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, «Келечек долбоору» фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков «Аксы окуясына эки жак тең күнөөлүү, эки жак тең андан жетишээрлик сабак алган жок» деген пикирин айтты:

- Аксыдагы окуяга баа бериште бийлик бир жактуу, оппозиция бир жактуу айтат. Чындыгында окуянын чыгышына эки тарап тең себепкер болгон. Биринчиден, бийликтин элге кайдыгерлиги элди ыза кылган. Экинчиден, кээ бир адамдар кызуу кандуулук кылып койгон. Ошондуктан эки жакта тең күнөө бар. Мындан биз сабак алдыкпы, же албадыкпы деген суроо турат. Менимче анча-мынча сабак алынды, бирок толук эмес. Биринчиден, бийликтин стили, эл менен иштеши, айрыкча күч органдарынын өзүн алып жүрүшү өзгөрүп кеткен жок. Экинчиден ушул кезге чейин, «конфликт деген кабак-каштын ортосунда экен» деп, «аны чатакка жеткирбей оңдоп коелу» деген аракет эки жактан тең болбой жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG