Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

БАРАК КЫШТАГЫНЫН КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ


Кожогелди Култегин, Ош Барак анклав кыштагынын маселелерин чечүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Карасуу районунун акими Адам Закиров жана Барак кыштагынын тургуну Дөөлөтбек Мусабеков менен маек.

- Адам Закирович, сиз өзбек-кыргыз чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын Ташкендеги жыйынынан жаңы эле кайтып келдиңиз. Барак анклав кыштагына катнаш жүргүзүү маселеси кандай чечилгенинен кеп салсаңыз.

А. Закиров: Эки мамлекеттин чек арасы боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын кезектеги жыйынында Барак айылынын маселеси биринчи маселе болуп каралды. Акыркы жылдардагы эки мамлекеттин ортосундагы достук, экономикалык, соода-сатык байланыштардын негизинде түзүлгөн жакшы жагдайды улантып, анклав элинин район менен кеңири байланышын калыбына келтирүү маселесин койдук. Өзбекстан тараптагылар жакшы кабыл алып, бул маселени туура, объективдүү чечүүгө аракет кылышты. Сунуштаган долбоорду өздөрүнчө комиссиясында карап чыгышып, чогуу жыйында дагы бир тактап, бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген маселе боюнча атайын протоколго кол коюлду. Протоколдо мамлекет тарабынан «Барактын эли бул көрсөтүлгөн жолдо токтоосуз, эч кандай каршылыксыз өтүп кете алат» деп жазылды. Бул протокол кийинки мамлекет тарабынан кол коюлуучу документтердин негизи болуп саналат.

- Ошондо Кыргызстандын чек арасынан Баракка чейин атайын коридор ачылып берилбей эле, тээ мурдагы жол калыбына келтирилип коюлган турбайбы?

А. Закиров: Барак айылынын тургундары райондун борборуна келип кетчү кичинекей жол болчу. Ошол жол боюнча транспорт менен же жөө өтүп жүрүшчү. Ошол жерден өткөзбөш үчүн биринчи кезекте жолду казып, көпүрөнү бузуп ташташкан. Өзбекстан тарап акыркы мезгилде эч ким өтпөй тургандай темир бетондон атайын плиталарды коюп жолду ортосунан тосуп таштаган. Бир топ кыйынчылыктар болууда. Ошол маселелерди чечүүгө өкмөттүк комиссия түзүлдү.

- «Азырынча протоколго кол коюлду» деп атасыз. Жолду калыбына келтирүү, катнашты түзүү аракети качан башталат?

А. Закиров: Кол коюлган күндөн баштап.

- Азыр жылыштар болуп атабы? Маалымат барбы?

А. Закиров: Келип эле ушул маселе боюнча кызыгып, сураштырдык. Чындыгында эле протоколго кол коюлган күнү жолдорду ачышыптыр. Эртеси кандайдыр-бир себептерден кайра жаап коюптур. Азыр кайра ачыптыр. Бул маселе бир жуманын ичинде калыбына келет.

- Мындай нерселер буга чейин болгон экен. Белгилүү бир убактан кийин Өзбекстан кайра эле жаап салган экен.

А. Закиров: Ошондой нерселер кайра кайталанбаш үчүн эки коңшулаш мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча биздин атайын мамлекеттик комиссия бүгүнкү күндө Ташкенде иштеп жатат. Демаркация, делимитация болгондон кийин ал маселе кайталанбаш керек.

- Протоколдо мөөнөттөрү көрсөтүлгөнбү, көрсөтүлгөн эмеспи?

А. Закиров: Мен бүгүн 14-мартта Ташкенден иш сапарынан келдим. Эми Барактын эли менен жолугушуп, бул жолугушуулардын жыйынтыгын элге толук түшүндүрүп берем. Менин оюмча бул аларды канааттандырат. Себеби алардын негизги максаты - карым-катнашты тоскоолдуксуз жүргүзүү болчу. Биз ошол маселени чечтик.

Андан кийин биз Барак айылынын тургуну, 20-февраль күнкү пикетти өткөрүү боюнча демилгечи топтун жетекчиси Дөөлөтбек Мусабековго жолуктук.

- Дөөлөтбек мырза, 20-февралда премьер-министр Николай Танаев Барак маселесин чечүүгө 10 күн убакыт сурады эле. Андан бери 20 күндөн ашык убакыт өтүптүр.

Д. Мусабеков: 10 күндүк мөөнөттү алгандан кийин бизге вице-премьер-министр Мамбетов келип, «биз ушул боюнча атайын комиссия түздүк, Ташкенге чейин барып ошол жерде чечебиз маселеңерди, биз сөзсүз чечип беребиз» деген убадасын берген болчу.

- Ташкен жыйынынын Барак маселеси боюнча чыгарган чечимин кандай кабыл алып жатасыздар?

Д. Мусабеков: Бул 1995, 1999-жылдары эки тараптын акимдери биригип чечкен маселе болчу. Ошол мезгилде автобус жүрүп, эл ошо жол менен каттаган. Бирок ал каттам убактылуу болду. Кийин жол Өзбекстан тарабынан кайрадан жабылган. Азыркы чечим ошол эле чечимдерге окшош. Себеби, Өзбекстандын жогорку саясаты ушундай. Бүгүн мындай болгону менен, эртең ар түрдүү болуп өзгөрө бериши мүмкүн. Биздин талаптарды орундатыш үчүн биздин өкмөт, президентибиз бизге кандай шарт түзүп берээрин күтөбүз. Эгерде бул орундалбай турган болсо, анда биз кайрадан пикетке, демонстрацияга чыгууга, башка чара көрүүгө мажбур болобуз.
XS
SM
MD
LG