Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде жаңы оору жайылууда


Түштүк-Чыгыш Азиянын кээ бир өлкөлөрүн жаңы оору каптады. Вьетнам, Кытай, Гонконг, Сингапур жана Тайванда өпкөнүн сезгенишинин жаңы түрү катталды. Вьетнамга келип ооруканага жатып калган бир америкалык жарандан ал жаңы оору 30 кызматкерге жуккан, алардын бешөө азыр оор абалда. Америкалык жаран кийин каза болгон, бирок Австралиянын тышкы иштер министрлигинин айтымында, бул өлкөдө да жаңы ооруга 85 адам чалдыкты. Эксперттердин айтымында, оору ар башка шаарлардын ортосундагы авиакаттамдар аркылуу тарап жатат.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG