Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

АКШ жакын арада - Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы тынчтык планын жарыялайт


АКШ президенти Жорж Буш 14-мартта атайын жарыя жасап, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план жакын арада жарыяланат деп билдирди. Анын айтымында, план Палестина автономиясынын жаңы премьер-министри дайындалгандан кийин ачыкка чыгарылат. Ошол эле күнү Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр да билдирүү жасап, эмки аптада Палестинанын премьер-министри болуп Махмуд Аббас иштей баштай тургандыгын жарыялады. Аббасты бул кызматка Ясир Арафат 8-март күнү сунуштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG