Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Ирактын айтымында, өлкөдөгү химиялык жана биологиялык курал жок кылынган


Ирак өкмөтүнүн айтымында, өлкөдө азыр химиялык жана биологиялык курал жок. Эл аралык инспекторлордун басма сөз катчысы Эван Бюкенендин айтымында, Ирак өкмөтү 14-мартта Бириккен Улуттарга 25 барактан турган атайын отчет тапшырды. Aнда "ВиЭкс" аттуу нерв газынын калдыктарынын баары жок кылынганы тууралуу айтылат. Бирок инспекторлор Ирактан анын алдында мурда өлкөдө абдан көп өндүрүлгөн күйдүргүнүн улпактары кайда кеткендиги тууралуу отчет берүүнү да талап кылган. 14-мартка карата Ирак өкмөтү - инспекторлор сынга алган "ас-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталардын жарымынан көбүн жок кылды. Инспекторлор болсо 15-мартта өлкөнүн алты өзөктүк ишканасын текшерди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG