Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Республикалык «Кубалжу менин ырларым», «ХХI кылымдын жылдыздары» аттуу телесынактардын лауреаты, комузчу, ырчы Дилшат Кангелдиева менен баардашуу.

Бүгүнкү «Талант тагдыры» түрмөгүнүн мейманы - республикалык «Кубулжу менин ырларым», «ХХI кылымдын жылдыздары» аттуу телесынактардын лауреаты, 1988-жылдан «Камбаркан» этнографиялык тобунун комузчусу, темир жана жыгач ооз комузчусу, ырчысы Дилшат Кангелдиева. Жаш шайырдын шык учкуну киндик каны тамган Жалалабаддын Алабукасында тутанат. Райондук музыкалык мектепте, Оштогу Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында окуйт. 1985-90-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун аткаруучулук факультетинин комуз классын доцент Ж.Султанмамытовдон, дирижерлоо классын профессор Н.Давлесовдон бүтүрөт.

Дилшаттын өздүк репертуары кыргыздын элдик аваздык-аспаптык музыкасынын баштоочуларынын жана улантуучуларынын классик ырларынан, күүлөрүнөн турат. «Ар гүлдүн жыты ар бөлөк» дегендей Д. Кангелдиеванын да өзүнчө комузчулук үнү, ырчылык жүзү, аткаруучулук чеберчилиги бар.

- Дилшат айым, музыка дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз?

- Бала чактан эле музыкага шыгым бар болчу деп айтсам туура болот. Эс тарткандан баштап, 5 жаштан темир ооз комузду өз алдымча үйрөнүп, коңшулардын кыздарын чогултуп ырдап калчумун. Ошондон шыгымды байкашып, үйдөгүлөр балдардын музыкалык мектебине беришти. Кийин Шакен Жоробекова эженин жыгач ооз комузчулар тобуна кошулуп, алар менен жыгач ооз комузду тарта баштадым.

- Угуучуларга аспапчы-музыкант катары таанылып жүрүп, кийин ырдап калышыңызга эмне себеп болду? Бүтүндөй жан-дүйнөңүз менен берилип, эргип ырдаган ырларыңыз барбы?

- «Камбаркан» тобу уюшулганда бардык жөндөмү бар студенттерди тандап алышты. Ошол тандоодон өтүп мен дагы бул топко кирип, музыкант катары иштеп калдым. Оркестрде ойноп жүргөн кезде оркестрдин гармониясын, полифониясын угуп жүрүп, ошол таасирлерден улам ырдап кеттим. Биздин «Камбаркан» тобунун коштосунда «Ай баратат» деген ырды жүрөгүм менен жактырып, ырдап калдым. Аны Эсенгул Жумабаевич өзү оркестрлештирип берди. Ырлар көп, оркестр, комуз менен бир топ ырларды ырдап жүрөм, алардын баары абдан жагат.

- Дилшат айым, акыркы жылдарда «Камбаркан» этнографиялык ансамбли менен жана жеке өзүңүз Түркияда алты жолу, Польшада, Жапонияда, АКШда, Улуу Британияда, Кытайда, Швейцарияда, Бириккен Араб Эмиратында, Малайзияда гастролдордо болупсуз. Деги, чет өлкөлүк угуучулар кыргыздардын күүлөрүн, ырларын кандай кабыл алышат? Эмнесине кызыгышат?

- Менимче кыргыздын татынакай, саймалуу, кооз кийимдери, ошону менен эле биздин улуттук күүлөр, обондор жана аспаптарыбыз – ушунун баары өзүнчө кооз шоу деп айтсам да болот. Ошол көргөзмөбүздү ушунчалык кызыгуу менен тамшанып, жакшы кабыл алышат. Концерттен кийин сөзсүз түрдө көпчүлүгү биз менен сүйлөшкөндө, «жакын жерден дагы бир жолу көрүп алалы» деген ойдо кызыгып жаныбызга келип, котормочу аркылуу сүйлөшүп, биздин аспаптарга кызыгышат. Биздин темир ооз комузубузду, жыгач ооз комузубузду жакшы кабыл алышат. Ар бири өзүнчө тембри менен өзгөчөлөнөт. Эч бир улутта, эч бир өлкөдө кайталанбаган комузубуз бар. Мен ошол комуз менен, дегеле биздин аспаптар менен сыймыктанам.

- Баардашканыңызга чоң ырахмат. Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG