Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:22

Эртең Аксы алааматында курман болгондор эскерилет


Эртең Жалалабат облусунун Аксы районунда 2002-жылкы кандуу окуяга бир жыл толот. Ага байланыштуу дүйшөмбү күнү кан төгүлгөн Боспиек айлында каза болгон жарандардын жылдыгы өткөрүлүп, митинг болот. Ал эми Бишкектеги ѳкмѳт аянтында, Кыргызстандын жер-жерлеринде кагылышта курман болгондордун арбагына куран окутулат. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо кыймылынынын» жетекчиси, депутат Азимбек Бекназаровдун бүгүнкү кабарлоосуна караганда, митингдин соңунда анын катышуучулары Аксы окуясынын Кыргызстандын аткаруу бийлиги тарабынан адилет иликтенип, баа берилбегендигине байланыштуу Улуттар уюмуна, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна, башка эларалык уюмдарга кайрылуу кабыл алышат.
2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда милиция кызматкерлеринин аткан огунан 5 адам набыт кетип, бир нече киши жарадар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG