Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Ирактык күрддөр АКШдан калканч издешүүдө


Ирак күрддөрү Халабжа шаарында болгон химиялык чабуулда өлгөндөрдүн арбагын эскеришти. Ирактык аскерлердин 15 жыл мурдакы химиялык чабуулунан бир күндө 5 миңдей адам набыт болгон.
Эрбил шаарында чабуулдун курмандыктарын эскерүү зыяпатына 1 миңдей адам чогулган. Сулаймания шаарында химиялык чабуулдан өлгөндөрдү эскерүү учурунда автомобилдер жана адамдар эки мүнөткө кыймылсыз токтоп турушту.
Кокус АКШлык аскерлер башындагы күчтөр Иракка басып кирсе, күрддөрдү америкалык аскерлердин өз коргоосуна алуусун өтүнгөн кайрылууга 350 миңге жакын күрд кол койгон.

XS
SM
MD
LG