Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

ЧЕЧЕНСТАНДА КЕЛЕРКИ ЖУМАДА ӨТӨ ТУРГАН РЕФЕРЕНДУМГА КАРАТА УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАРДЫН МАМИЛЕСИ КАНДАЙ?


Төрөкул Дооров, Москва 23-мартта учурдагы Орусиянын региондорунун курамында турган Чеченстан өз Конституциясын тандоосу керек. Бул окуянын саясий маанидеги өзгөчөлүгү чоң. Анткени, эгерде чечен калкы Баш мыйзамын бүгүнкү, Кремль сунуш кылган типте кабыл алса, анда республика баары бир Орусия курамында кала берет, а эгерде кабыл албаса, анда саясий чатакты чечүүнүн башка жолун издөө талап кылынат. Чечен референдумуна карата Орусиядагы улуттук азчылыктардын мамилеси кандай?

Учурда орус бийлиги толугу менен референдумду өз пайдасына ийгиликтүү өткөрүүгө аракет жасап жатат. Ошол эле учурда, бул күчкө каршы турушкан чечен калкынын бир бөлүгү жана жоочулар калкты ага каршы добуш берүүгө үндөшүүдө. «Ортодо кыйын абалда чечен эли калууда» дейт «Мемориал» укук коргоо борборунун мүчөсү Александр Черкасов. Анын оюнда, бул референдумда калк Конституция үчүн да, ага каршы да добуш бере албайт. Анткени, ким «каршымын» деп добуш берсе, келерки түнү дайынсыз жоголуп кетүүсү ыктымал, ал эми ким «макулмун» десе, анын өмүрү чечен сепаратисттери же Чеченстандын шарият соту тарабынан кыйылуусунда күмөн жок. Укук коргоочу Александр Черкасов:

- Федералдык күчтөр жана чечен сепаратисттери түзгөн эки тараптуу террордун бүгүнкүдөй абалында эч кандай нормалдуу шайлоо процесси болуусу мүмкүн эмес. Чечен эли кандай добуш бербесин өмүрү коркунучта экендигин билип, өтө чочулап турган кези. Дүйнөлүк практикада эч кайсыл өлкө граждандык согуш жүрүп турган өзгөчө кырдаал учурунда референдум өңдүү иш-чараларды өткөргөн фактылар кездешкен эмес.

Анткен менен, Чечен администрациясынын маалыматы боюнча, алдыдагы референдумга карата даярдык дээрлик бүтүп калды. «Шайлоо бюллетендери Конституция, президентти жана парламентти тандоо мыйзамдарына арналган үч суроо боюнча басылып, референдумга катышууга укугу бар атуулдарга чакыруу барактары жиберилди» деген кабар таратты Чеченстан шайлоо комиссиясы. Шайлоого учурда республикада жашаган 600 миң адам жана коңшулаш Ингушетиядагы качкындар лагерлеринде күн өткөрүшкөн чеченстандыктар катышуулары абзел. Бирок, Чечен Конституциясынын кабыл алынышы канчалык деңгээлде эл-аралык коомчулук тарабынан жактырыла тургандыгы белгисиз бойдон калууда. Анткени, референдумда байкоочулук кылуудан ЕКУУ жана Европа Кеңеши баш тартышты.

Александр Черкасов: Орусиянын расмий бийлик өкүлдөрү бир катар эл-аралык уюмдардын байкоочуларынын референдумга келишпей тургандыгын аларды «өздөрүнүн жеке коопсуздугунан кам санашууда» деп жарыя кылууга үлгүрүштү. Менин оюмча, эл-аралык байкоочулар өздөрүнүн саламаттыгынан коркушкандыгы үчүн бул чечимге барышкан жок. Алар Чеченстанда орус бийлиги тарабынан өткөрүлүүсү даярдалып жаткан тамашага легитимдүүлүктү берүүдөн баш тартышууда.

«Негизинен референдум жакындаган сайын орусиялык саясий элитада дайыма түрдүү деңгээлде болуп келген «көргөзмөлүүлүк» андан бетер күчөгөндүгү байкалат» дешет айрым эксперттер. Анткени, чечен калкынын эле эмес, Орусия курамындагы башка улут азчылыктарынын да көңүлүн бурууга багытталган түрдүү шаан-шөкөт менен эсте калчу иш-чаралар өткөрүлө баштады. Орусия жетекчилиги алдында ички саясий туруктуулукту бекем сактоо милдети өсүүдө. Анткени, Чеченстандагы референдумдум жыйынтыгы кандай көрсөткүчтү берсе, Орусияга бүгүн баш ийип турушкан татар, башкыр, хакас жана бир катар майда улуттук азчылыктардын көз карандысыздыкка карата мамилеси да өзгөрүүсү ыктымал. Ушундан улам, чечендер сыяктуу мурдатан эле эркиндикке умтулуп келген татар элинин Чеченстандагы референдумга карата мамилесин аныктоо да ойлонууну талап кылбайт. Татарстандагы «Ватан» коомдук партиясынын жетекчиси Мухаммад Миначев «эгерде татар жана чечен элдеринин аракеттери баштап эле бирдиктүү болгондо, бүгүнкүдөй кыйын абал түзүлмөк эмес. Ал эми чечен проблемас нан чыгуунун жалгыз жолу – ага эркиндикти берүү» деп эсептейт.

Татарстан эли чечен калкындай эле Советтер Союзу кулагандан бери эле салыштырмалуу көз карандысыздыкка умтулуп келет. Акыркы бир канча айлардан бери Татарстандын жаңы Конституциясынын үстүндөгү талаш-тартыштар соңуна чыга элек. Анткени, Баш мыйзамдын негизинде республика «суверендүү» статусуна ээ болушу керек.

Орусия бийлигин коркуткан дагы бир жагдай - бул улуттук азчылыктардын аракеттери жерде калбагандыгы. Азербайжан Президенти Гейдар Алиев, «Политком» басылмасынын маалыматында, «Түрк» элдеринин маданият министрлеринин Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө айрым түрк элдерин Орусия карамагынан бошотуу керектигин айткан. Демек, Чеченстандагы референдум чечен калкынын эле тагдырын чечип калбастан, Орусия Федерациясынын жана ага туташ улуттук азчылыктардын да эртеңки күнү үчүн мааниси зор окуя болуп саналат.
XS
SM
MD
LG