Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

МЕКТЕПКЕ БАРБАГАН БАЛДАР КӨП


Учурда мектепке барбай, кароосуз калган балдардын саны канча экендиги белгисиз, аны мамлекеттик органдар да, бейөкмөт уюмдар да так айталбай келатат. Бийликтин кедейликти жоюу жана балдарды мектепке тартуу боюнча аракеттеринен да азырынча майнап чыгалек.

Ош базарында бут сүртүп, тачке түртүп жүргөндөрдүн көбү эне сүтү оозунан кетелек жаш балдар. Алардын көбү мектепке барбай, сыр жыттанган парталарга отурбай калышкан. Айрымдарынын сурап алаар кишиси жоктугун, ата-эненин, мектептин көзөмөлүнөн таптакыр чыгып кеткенин бут сүртүп отурган балдар менен сүйлөшкөнүбүздө билдик.

- Атың ким?
- Айбек.
- Айбек, мектепке барасыңбы?
- Жок. Мен өзүм эле мектептен качып барбай койгом.

Айбек менен сүйлөшүп турсак «байке, майлап берейинби, майлап берейинби, арзан эле майлайм» деп бут сүрткөнүн көтөрүп алып карала-торала болгон бир бала келип калды.
Аты Максат экен. «Саат бирге чейин өтүк майлап иштейм, бир күндө 50-60 сом табам, аны апама берем, ал акчага мектепке барганга дептер, калем алабыз» деди үн жазгычымды аңырая карап. Ош базарындагы балдар үн жазгычыма кызыгышты. «Кантип жазат, жакшы угулабы?» деген көп суроолорду берип, менин өзүмдөн маек алып жиберишти. Шылуундары «бериңизчи байке, мобусун мен кармап турайын?!» деп микрофонду талашканы болду. Дагы бир бала мага «мен окуйм, мектепке акча топтоо максатында иштеп жүрөм» маанисинде шакылдай баштады эле, аржактан балдар «ээ, сен чөнтөкчүсүң да!» деп, анын «жинине» тийип алышты. Бала сөзүн улабай калды. «Акча берсеңиз сүйлөп берем», «Бутуңузду майлатсаңыз сүйлөйм» деп «соодалашкандары» болду. Үн чогултуп кетип баратсам «5 сом таштаңыз!» дешти эки-үчөө бучкактап, бербесем болчудай эмес – ыраазы болгонсуп калышты.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укугу боюнча комитетинин жетекчиси, депутат Оксана Малеванная балдардын укугун коргоо ишин жаңы түзүлгөн Акыйкатчы институту жандандырса деген пикирде:

- Учурда мектепке баруунун ордуна өз жанын, үй-бүлөсүн багып, же кайыр сурап отурган балдардын саны канча экендигин эч ким так айталбай келатат. Жаңы түзүлгөн Акыйкатчы институту балдардын укугун коргоо боюнча иштерди колго алат деген ойдомун. Албетте, балдардын мектепке барбай, эртелеп оор жумуштарга аралашуусуна өлкөдөгү экономикалык оор абал түрткү болду. Бирок ошол эле маалда айрым ата-энелердин ичкиликтен баштары көтөрүлбөй, балдарын акча табууга мажбурлаган учурлар күн өткөн сайын көбөйүүдө. Ошондуктан мен Акыйкатчы институту балдардын укугун коргоо ишинде ушундай фактыларга көңүл бурат деген ишенимдемин. Айта кетүүчү нерсе, буга чейин өкмөткө караганда, бейөкмөт уюмдар балдардын укугун коргоодо көп иштерди жасап койду.

Оксана Малеванная «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда бардык балдар орто мектептерде билим алууга милдеттүү деп жазылганы менен, ал жобо толук аткарылбай, кагаз жүзүндө калып келатат» деп сөзүн аяктады.

Билим берүү жана маданият министрлигинин өкүлү Чолпонбек Тиленбаевдин айтымында, өкмөт балдардын мектепке баруусун камсыз кылуу үчүн бир катар иштерди жасоодо:

- Ар бир балага орто билимди милдеттүү түрдө берүү мамлекеттин мойнуна жүктөлгөн иш. бул – Конституцияда да жазылган. Окубай калган балдардын саны боюнча да кайчы пикирлер айтылып жүрөт. 1996-жылдагы маалыматтарга караганда, окубай калган балдардын саны 18-20 миңге жеткен. Мамлекеттин, билим берүү мекемелеринин, бейөкмөт уюмдардын аракетинин акыбети кайтып, акыркы 3-4 жылда мектепке барбаган балдардын саны 3-4 миңдин айланасында деп айтылып жүрөт. Мен, бул цифра жогорулатып берилгенин жашырбайм. Менимче, окубай калган балдар мындан 4-5 эсеге көп. Негизи, балдарды мектепке тартуу үчүн мамлекет тарабынан колдон келген шарттар түзүлүп келатат. Жетим балдар окуй турган жатак мектептери иштеп келатат. Дене-кардынан мүчүлүш балдар билим ала турган 29 мектеп бар. Айтор, балдардын билим алуусуна мамлекет, өзгөчө, жергиликтүү бийлик баардык шарттарды түзүп берүүгө милдетүү.

Маектешибиздин айтымында, «ошол эле учурда айрым балдардын окубай калышына ата-энелер да күнөөлүү болуп чыккан учурлар аз эмес».

- Албетте, - деп сөзүн улады Чолпонбек Тиленбаев. - жашоо-шарттын оор экенин эч ким танбайт. Бирок, ошол эле маалда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда, «Балдардын укугун коргоо» конвенциясында айтылгандай, балдары ата-эненин түздөн-түз күнөөсүнүн аркасында окубай калса андай ата-энелер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда андайлар аз эмес болсо да, бир да жолу ушундай айып коюлуп, сот жообуна тартуунун бир да фактысын угалекмин.
XS
SM
MD
LG