Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ИРАК РЕЖИМИ КЫРЧЫЛДАШКАН САЛГЫЛАШКА ДАЯР ЭКЕНИН ЭСКЕРТТИ


Ирак режиминин башчысы Саддам Хусейн жекшембиде эскертүү жасап, эгерде кайсы-бир тарап Иракка кол салчу болсо, анда өлкө душмандын катыгын берүү үчүн абада, кургактыкта жана сууда согуш жүргүзүүгө даяр экенин айтты. АКШга таянган анын коңшусу Кувейт да өзүнө катылчу жоонун мизин кайтараарын билдирүүдө.

Согуш мүмкүнчүлүгү улам жакындагандай сыяктанган чакта, жекшемби күнү Ирак президенти Саддам Хусейн колбашчыларын топтоп жыйын өткөрүп, эгерде Кошмо Штаттар өлкөгө кол салчу болсо, анда Ирак өз аймагы менен гана чектелбестен, кеңири масштабда согуш аракетин жүргүзөөрүн айтты. “Душман кеңири өлчөмдөгү согушту баштачу болсо, анда ал биз менен каякта болбосун – асмандабы, кургактыктабы же суудабы, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда кырчылдашкан салгылашуу жүргүзө турганын аңдоого тийиш”, - деди Саддам Хусейн.

Ирак вице-президенти Нажи Сабри өз эли атажурт үчүн айыгышкан урушка бир жылдан бери камынып келгенин “ал-Арабиййа” сателлит сыналгысына берген маегинде баса белгиледи.
“Нью-Йорк таймс” гезити дүйшөмбү күнкү макаласында Азор аралындагы АКШ, Британия жана Испаниянын жетекчилеринин саммитин эскерип, эми Кошмо Штаттар Ирактагы согушка каршы чыгып жаткан эл аралык коомчулуктун атынан согуш ачууга камынууда, - деп жазып чыкты.

Ушул тапта АКШ менен Британиянын дээрлик 300 миңдей мыкты куралданган аскери Багдадга сокку уруу тууралуу буйрукту күтүп, Перс булуңунда даяр турат. АКШ Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин Саддам Хусейнге карата өз ыктыяры менен жана эч шартсыз куралсыздануусу керектиги тууралуу берилчү ультиматумуна жетишүү үчүн аракеттенүүдө. Франция, Орусия жана Германия болсо БУУнун Коопсуздук кеңеши Саддам үчүн кошумча убакыт бериши керек, бирок маселени согуш жолу менен эмес, дипломатиялык аргалар менен жөндөө абзел деп эсептешет.

Бирок дипломатиялык ыкма эми суу кечпей калды го деген пикирлер да айтылууда. Кувейттин маалымат министри шейх Ахмед Фахд ал-Ахмед ас-Сабахтын оюнча, согуш эми болбой койбойт. Жакынкы болочокто Саддам Хусейнге бийликтен баш тартып, ыктыяры менен бозгунчулукка кетүү сунушу жаңы күч менен айтылышы ыктымал, - дейт ал.

1991-жылы Ирактын баскынчылыгы алдында калып, эл аралык коомчулуктун аскердик кийлигишүүсү менен гана эгемендигин калыбына келтирген Кувейт азыр да кубаттуу колдоочуларына ишенет. Кувейт куралдуу күчтөрүнүн басма сөз өкүлү, полковник Йусуф ал-Мула жекшембиде мындай деп айтты:

- Ирактыктар буга чейин бир ирет кол салган. Азыр биз Кувейтке запкы көрсөтүүгө эч кимге мүмкүндүк бербейбиз. Биз – даярбыз!

Ал эми Иракка келсек, Саддам Хусейн массалык кыргын куралдары өлкөдө жок деп жекшемби күнү дагы бир жолу баса белгиледи. “Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрү таба албагандай, мындай курал кемпирдин жоолугуна төөнөп катылган ийне бекен?” – деди Саддам.

Ирактын Ыңкылапчы Аскер Жетекчилигинин Кеңешинин жаңы жардыгына ылайык, өлкө төрт аскердик аймакка бөлүндү. Кусай Хусейн Багдад шаары үчүн жана Саддам туулуп-өскөн Тикрит жергеси үчүн жоопкер болду. Саддамдын бөлөсү Али Хасан ал-Мажид Кувейтке чектеш аймактын аскер жетекчиси болуп дайындалды. Саддамдын орун басары Иззат Ибрайим ад-Дури болсо түндүк аймактардын жоопкерчилигин алды. Ал эми шийиттердин ыйык шаарлары – Кербела менен Нежеф кирген аймактагы коргонуу иштерин аскердик кеңештин мүчөсү Мазбан Хадер Хади мырза жетектемекчи.

Эки тараптын аскерлери бири-бирине каршы айыгышкан согушка камынып жаткан чакта, дүйнө коомчулугу бул согуштан кийинки эл аралык турмуш кандай нукта өнүгөөр экен? - деген суроого эмитеден беймаза болууда. Айтылуу немис ойчулу Клаузевицтин айтымында, “согуш – саясаттын тек гана башкача ыкма менен улантылышы” эмеспи. Айрым серепчилер эл аралык чөйрөдө талкуу чордонун түзгөн башкы көйгөй Ирактын диктатордук режими эмес эле, АКШнын болочокку дүйнөлүк ролуна карата башка мамлекеттердин мамилеси тууралуу маселе боло баштаганын жазышууда.

XS
SM
MD
LG