Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Бишкекте дагы бир «телефон террору» катталды


БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат 10.30да белгисиз бирөөлөр Бишкектин Жибек жолу жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Энергобанктын» имаратына «силерде жардыргыч зат коюлган» деп телефон чалышкан. Банктын кызматкерлери дароо сыртка чыгарылып, имаратты милиционерлер курчоого алгандан кийинки текшерүүдө кагазга оролгон бир түйүнчөк табылган. Бирок, анын ичинде эч кандай жардыргыч зат табылган эмес. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, телефон чалгандыгы тууралуу шек саноо менен бир адам кармалды. Ал эми окуяны иликтеп жаткан Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Чынара Асанова окуя азыр да иликтенип жаткандыгын, ал тууралуу кененирээк эч кандай маалымат бере албасын билдирди.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG