Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Кыргыз-өзбек чек арасындагы текшерип-өткөрүүчү пункттар боюнча протоколго кол коюлду


БИШКЕК. 12-16-мартта Ташкен шаарында өткөн кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин эксперттик топтору чек арадагы бирдиктүү текшерип-өткөрүү пункттары боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Мелис Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, кол коюлган протоколдор эми эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кароосуна коюлат. Эгерде өкмөттөр аны жактырышса буга чейинки сүйлөшүүлөрдө делимитацияланган 690 чакырымдык кыргыз-өзбек чек ара тилкесине 13 текшерип-өткөрүү пункттары орнотулат. Ташкендеги сүйлөшүүлөрдүн чек араларды делимитациялоо боюнча бөлүгүндө да протоколго кол коюлду. Ага ылайык эки мамлекеттин чек арасынын 22 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Бакыт Түнкатаров маалымдады. Натыйжада жалпысынан 1,5 миң чакырымдай келген кыргыз-өзбек чек арасынын 710 чакырымдан ашууну делимитацияланды.

XS
SM
MD
LG