Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:03

Быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына студенттер жалпы тест сынагы аркылуу кабыл алынышат


Быйыл Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардан акча төлөп билим алууну каалаган бардык абитуриенттер жалпы тест сынагы аркылуу кабыл алынат. Ага негиз берген жобо Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын бүгүн билим берүү министри Ишенгүл Болжурова кабарлады. Анын маалыматына караганда, жаңы эреже жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү зарылдыгынан улам пайда болду. Апрель айында жогорку окуу жайларда билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана абитуриенттерди билимине жараша тандап алуу проблемасына арналган республикалык кеңешме болуп, анда быйылкы окуу жылында студенттерди контракттык негизде окутууга алардын билимине гана жараша тандап алуу милдети коюлат.
Быйыл жогорку окуу жайларында мамлекеттин эсебинен окууга 5 миң студент кабыл алынат. Тест сынагына катышууга жазылуу 31-марттан 12-апрелге чейин жүргүзүлөт. Сыноо негизги жана предметтик сабактар боюнча кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде болот. Ал 15-майдан кийин жер-жерлердеги тест сынагы боюнча борборлордо жүргүзүлүп, сыноодон өткөндөргө топтогон баллы жазылган сертификаттар берилет. Ал эми айыл жана шаар жерлеринде окуган абитуриенттердин сыноодон бирдей деңгээлде өтүшү үчүн алар ар беш бөлүккө бөлүнөт. Сыноодо мыкты билимин көрсөткөн 200 абитуриентке жогорку окуу жайын эркин тандоо укугу берилет, калгандары эки баскычта беш жогорку окуу жайынын бирин тандап алууга укуктуу болушат. Тест сынагын АКШнын ЮСАИД агенттигинин көмөгү менен АКСЕЛС уюму өткөрөт жана ага 500 миң доллар сарпталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG