Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Венеция комиссиясынын кезектеги отурумунда сөз сүйлөдү


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов 14-мартта Венеция комиссиясынын 54-пленардык отурумунда сөз сүйлөгөндөн кийин, «Европа Кеңешинин өкүлдөрү Кыргызстанды Венеция комиссиясынын мүчөсү катары көрүүгө ынтызар» болуп калышты деген маалымат таратты. Ал маалыматка караганда, Курманбек Осмонов Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа тууралуу билдирүү жасап, Венеция комиссиясынын президенти Ла Пергол, Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төрагасы Петер Шейдер жана Венеция комиссиясынын катчысы Джоаннэ Букиккио менен сүйлөшкөндөн кийин аларда ушундай пикир пайда болгон. Курманбек Осмонов Кыргызстандагы демократия жана адам укугун коргоо багытындагы саясат менен таанышуу үчүн комиссиянын делегациясын Кыргызстанга чакырган. Европа Кеңешинин 1990-жылы түзүлгөн Венеция комиссиясы - мамлекеттердин конституциялык түзүлүшүн жана андагы өзгөрүүлөрдүн коомго тийгизген таасирин иликтеген көз карандысыз уюм. Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын бул комиссиянын экспертизасынан өткөрүү идеясы 2-февралдагы референдумдан кийин пайда болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG