Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Аксыда былтыркы кандуу окуя боюнча аза күтүү митинги өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүнкү митинг алдында былтыр 17-18-мартта курман болгон 5 жигиттин арбагына багышталып куран окулду. Сөзгө чыгышкан 43 киши жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, таанымал саясатчы Топчубек Тургуналиев бир жылдан бери болуп өткөн окуяларды эскеришти. Алар азыркы бийлике карата өз сын-пикирлерин, шейит кеткен жигиттердин үй-бүлөсүнө кайрат айтышып, президент А.Акаевди кызматтан кетирүүгө чакырышты. Чыгып сүйлөгөндөр ошондой эле Аксы окуясына адилет баа берилбегендигин белгилешти. Чогулгандар 17-мартты «эскерүү күнү» деп жарыялоону чечип, 5 талаптан турган кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG