Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Израилдик аскерлер Нузериат лагерине жортуул жасады


Израилдик аскерлердин Газа секторундагы Нузериат качкындар лагерине жасаган жортуулу маалында палестиналык алты жаран өлтүрүлүп, 20дан көп адам жарадар болду.
Өлгөндөрдүн ичинде палестиналык бөбөк менен 13 жашар секелек кыз да бар.
Күбөлөрдүн айтышынча Нузериат лагерине кеминде 40 танк, булдозер жана башка аскерий техника вертолеттордун чабуулу астында кирген жана алар палестиналык согушчандардын үйлөрүн кыйратышкан.
Израилдик күчтөр жөөттөрдүн Пурим майрамы учурунда палестиналык согушчандар террордук актыларды жасабашы үчүн, Батыш Иордан жана Газа секторунун чек арасын күзөтүүнү дагы бекемдетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG