Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Дүйнөлүк рынокто капсалаңдын алгачкы белгилери байкалды


Иракта болчу согуштун коркунучу дүйнөнүн баалуу кагаздар рыногуна жана АКШ долларынын кубатына тескери таасир этүүдө.
Бүгүн эртең мененки соодада Лондондун, Франкфурттун жана Париждин фондулук биржаларында баалуу кагаздардын өтүмдүүлүгү 1 проценттен 3 процентке чейин төмөндөдү.
Токио менен Гонконгдун фондулук биржасында да сооданын көлөмү азайды.
Иракка коңшулаш Түркияда да ушундай кырдаал байкалды. Ыстамбул биржасындагы сооданын көлөмү бүгүн 8 процентке кыскарды.
Эл аралык рынокто бүгүн АКШ долларынын куну качып, алтындын баасы өскөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG