Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чет элдик дипломаттар Багдаддан шашылыш чыгып кетишүүдө


Иракка каршы башталат деп болжолдонуп жаткан согуштан улам чет элдик дипломаттык корпус менен жарандар Багдаддан шашылыш чыгарылып кетүүдө.
Германия, Кытай, Пакистан жана башка өлкөлөр Багдаддагы элчилигин жабышты. Россия Ирактагы жарандарын өз мекенине чыгып кетүүгө буйруду.
АКШ жана Британия Кувейт, Израил жана Сириядагы элчиканаларынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн өз өлкөлөрүнө жөнөтө баштады.
Улуттар Уюмунун маалымдашынча, БУУнун байкоочулары Ирак-Кувейт чек арасындагы демилитаризациялык зонадагы миссиясын токтотту.
Кошмо Штаттары Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин каруу жарак инспекторлорун Ирактан чыгарып кетүүгө чакырганын агенттиктин башчысы Мохамед ал-Барадейи билдирди:
- Кошмо Штаттарынын өкмөтү биздин инспекторлорду Багдаддан чыгарып кетүү жөнүндө мага кеңеш берди. Ушундай эле кеңеш Улуттар Уюмунун байкоо, тастыктоо жана текшерүү комиссиясы - ЮНМОВИКке да берилди.

XS
SM
MD
LG