Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

ЗОРАНДЫН ОРДУНА ЗОРАН


Сербиянын киши колдуу болгон премьер - министри Зоран Жинжичтин Демократиялык партиясы өлкөнүн өкмөт башчылык кызматына Зоран Живковичти көрсөттү.Кезинде мурдагы Югославиянын ички иштер министри болуп иштеген Живкович - маркум Зоран Жинжичтин жакын санаалаш саясий шакирти. Эми Сербиянын парламентинде премьер-министрди бекитүү маселеси шаршемби күнү каралары күтүлүүдө.

Премьер-министр Зоран Жинжичтин өлүмүнөн кийин өзгөчө абалда жашап жаткан Сербиянын азырынча президенти да, премьер - министри да жок.Президенттин милдетин убактысынча парламент жетекчиси аткарууда. Былтыркы шайлоодо добуш берүүгө калк жетиштүү санда келбегендиктен, сербиялыктар мамлекет башчысын шайлай алышкан эмес. Маркум Зоран Жинжичтин Демократиялык партиясы серб парламентиндеги орундардын көпчүлүгүн көзөмөлдөйт. 42 жаштагы Зоран Живкович премьер - министрликке көрсөтүлүү менен бирге партиянын жаңы лидери болуп шайланды. Зоран Живкович - саясий устаты, маркум Зоран Жинжич менен бирге Слободан Милошевичтин режимине каршы ачык күрөшкөн инсандардын бири. Кийинчерээк ал Югослав федерациясынын ордуна Сербия - Черногория союзу түзүлгөнгө чейин анын ички иштер министри болду. Баяндамачылардын пикиринде ,эми Сербиянын болочок премьер-министринин алдында жеңил эмес милдеттер турат. Албетте, алардын эң башкысы - өлкөдөгү саясий - экономикалык стабилдүүлүктү сактоо, Зоран Жинжичти өлтүргөндөрдү таптырып, кылмыш ишин тергөөнү аягына чыгаруу. Зоран Живкович устатынын реформачыл саясатын улантууга убада берүүдө. Ошондой эле ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлбөшүн билдирди. Ал эми өлкөдө өзгөчө абал дагы алты аптага созулушу мүмкүн.Бийликтеги Демократиялык партиянын экинчи адамы катары эсептелген Зоран Живкович Зоран Жинжич киши колдуу болгондон кийин эле өлкөнүн укук коргоо органдарына бул кылмыштын бетин ачуусу керектигин эскерткен:

- Биз, бул өлтүрүү бети ачылбай калган кылмыштардын бири болушуна жол бербейбиз. Эгер жооптуу органдар кылмыштын бетин ачууга, мылтыкты ким атканын, кылмышкерлердин тарабында ким турганын,ушундай окуя болуш үчүн алардын саясий жана кылмыш иштерине ким көмөктөшкөнүн айтууга жөндөмсүз болсо, анда ал органдар - бул кылмыштын катышуучулары.

Айтор, Сербиянын укук коргоо органдары премьер-министрдин өлтүрүлүшүнө байланышкан кылмыш ишин тергөөнү кандай жыйынтыктарын убакыт көргөзөт. Бир катар эксперттердин пикиринде, соңку кандуу окуя - Сербияда уюшулган кылмыштуулук күчтүү экенин белгиси. Серб бийликтери премьер- министр Зоран Жинжичтин өлтүрүүнү уюштурганы үчүн жергеликтүү "Земун" деп аталган ири кылмыштуу топту айыптоодо. Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, президент Слободан Милошевичтин тушунда коопсуздук кызматтарында иштеген айрым офицерлердин жогорудагы кылмыштуу топ менен байланышы бар. Ушул дүйшөмбүгө карата полиция 300 дөй адамды камакка алган. Камоолор учурунда курал-жарактар жана ири өлчөмдө наркозаттар да табылды. Ал эми Зоран Жинжичти өлтүргөндүгү үчүн шектелген адамдардын анабашчысы, Слободан Милошевичтин тушунда югослав полициясынын тандалма бөлүгүн башкарган Милорад Луковичти издөө улантылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG