Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

АКСЫ РАЙОНУНДА АЗА КҮТҮҮ МИТИНГИ ӨТТҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Бүгүн Аксы районунда былтыркы коогалаңда курман болгондорду эскерген иш-чаралар өткөрүлдү.

Аза күтүү митинги өткөн жылы 17-18-мартта кандуу окуя катталган Боспиек деген жерде өттү. Каза тапкан жигиттердин жесирлери менен энелери аларга тургузулган эстеликтин жанында кошок кошуп, «Аксы эли бийлик үчүн эмес, акыйкат үчүн күрөшөт», «Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү А.Акаев, А.Карыпкулов, О.Ибраимов, Б.Жанузаков, А.Акматалиев, К.Садиев кызматтарынан кетсин» деген жазуусу бар тасмаларды көтөрүшкөн 500дөн ашык адам 6 чакырымдан бери жөө келишти. Митингди «Асаба» партиясынын төрагасы депутат Азимбек Бекназаров алып барды. Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитетинин төрагасы Жаныш Курбанов окуя болуп өткөндөн кийин Ош–Бишкек жолундагы пикетчилерге, Жалалабад–Ош–Бишкек жөө жүрүшүнө катышкандарга кандай мамиле жасалгандыгын эскерди.

- 17-март күнү пикетке чогуу келе жаткан элди ок менен тосуп, кырчын курагында 4 жигит көз жумду. Ал эми 18-март күнү бийликтин огунан 2 жигит бул дүйнө менен кош айтышып 17-18-19-март күндөрү ок жана таяк менен 37 кыз-жигиттер жаракат алышты, - деди ал.

Октон каза тапкан Үркүнбаев Сатымбайдын карындашы Нурбүбү Үркүнбаева:

- 10 гүлүнүн 1 гүлү ачыла элек, али турмуштун даамын татый элек Советбек менен Элдиярдын убалы кимге? Ушинтип аза күтүп, таштан атын окуп калабыз деп ойлодук беле? -дейт.

«Коррупцияга каршы күрөш» уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова:

- Бир жыл өттү Аксы окуясынан бери. Ошол январь айында Бекназаровду камаганда белгилүү укук коргоочулар айтык эле, мыйзам гана керектигин, - деп өлкөдө адам укугу, мыйзамдуулук сакталбагандыгына токтолду. Адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Кубанычбек Маматкеримовдун пикиринде, окуяга тиешелүү жетекчилер улам жаңы кызматтарга дайындалып, аларга сыйлыктар берилүүдө.

- Аксыга 79 млн. сом республикалык бюджеттен жана 5 млн. кытай юаны бөлүндү эле. Бүгүнкү күндө ушул акчалар кайда? Карапайым элге белгисиз боюнча калууда, - деди К. Маматкеримов.

Депутат Өмүрбек Текебаев «17-мартты Кыргызстанда «Арнамысты, адам укугун коргоонун тилектештик күнү» деп жарыялоо керек» деген пикирин айтты.

- Өз кадыр-баркын билген адамды, өз кадыр-баркы үчүн курмандыктан кайра тартпаган адамды гана бүткүл дүйнө сыйлайт, - деди Өмүрбек Текебаев.

«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын облустагы жетекчиси Медер Үсөнов кыймыл өз максатына жетмейинче ишин токтотпой тургандыгын жарыя кылды. Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова, Советтер бирлиги турганда пикетке бараткандарга мүмкүн ок атылбайт беле деген оюн айтты:

- Анда завод-фабрикалар иштебей токтоп калмак эмес. Кыргыздын байлыгы, алтыны, бүт ресурстарынын баары таланып, ар кайсы жакка чачыранды болмок эмес. Ысыккөлүбүзгө цианид төгүлмөк эмес. Кыздарыбыз сойку болмок эмес. Ошон үчүн мен айткым келет: бүгүнкү элге каршы иштеген бийлик кетсин, жолдоштор.

Митинг соңунда Бириккен Улуттар Уюмуна жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кайрылуу кабыл алынды. Анда азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө таасир этүү, Аксы окуясын Эл аралык соттон кароо, №33-Каракулжа шайлоо округундагы шайлоочулардын талабын орундатуу, окуяда жабыр тарткандардын укугун талабына келтирүү, «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезиттеринин үстүнөн сот иштерин токтотуу маселелери туурасында сөз болду.

Митингге бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитетинин билдирүүсүндө митингге Жалалабад, Сузак, Өзгөн, Баткен, Алабука, Ташкөмүр жана Аксы аймагынан 10535 киши, ал эми байкоочулардын эсебинде - 3 миңге жакын киши катышты. Аксы районунун акими Абдымалик Эгемдердиевдин пикиринде, былтыркы 17-18-марттагы окуя бүткүл элди кайгыртат.

- Биринчи кезекте ушундай кайгылуу окуя бир эле Аксы жергесинде эмес, Кыргызстандын бир да аймагында экинчи кайталанбасын деген тилекти айткым келет. Бул бир эле менин тилегим эмес, жалпы Аксы элинин тилеги. Бардык жерде тынчтык, ынтымак, биримдик болсун, - дейт Аксы районунун азыркы акими.

XS
SM
MD
LG