Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

БИШКЕКТЕ АКЫН ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВДИН АЙКЕЛИ УУРДАЛДЫ


16-март күнү кечке маал кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин «Эркиндик» гүлбагындагы айкели уурдалды. Коомчулук бул окуяны чектен чыккан айбанчылык катары баалоодо. Азырынча күч органдары «акындын айкелин түстүү металл сатып акча жасагандар уурдаган болушу керек» деген версияга таянып кылмышкерлерди издешүүдө.

Алюминий, жез, калай баштаган түстүү металлдарды өткөрүп акча табуу көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн эчактан бери эле жан багуунун бирден-бир булагы болуп калган. «Түстүү металл сатып алам, арзан!» деген өңдүү жарыялар азыр болжол менен ар бир онунчу-жыйырманчы үйдүн дарбазасында илинип турат. Элден чогулган түстүү металлдар Кытайга машине-машине болуп ташылып кетип жатканына да мына 10 жылдай убакыт болуп калды. 16-март күнү кечке маал кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин Бишкектин «Эркиндик» гүлбагындагы айкелин да ушул түстүү металлдан акча жасагандар уурдаган болушу керек деген пикир айтылууда. Коомчулук бул окуяны чектен чыккан айбанчылык катары сынга алды. Айкелдин жанынан өтүп баратып көргөн көзүнө ишенбей туруп калган адамдардын айрымдарын сөзгө тарттык.

- Атым Гүлбарчын. Ушул тегеректе жашайм. Келатканда эле айкелдин өз ордунда жок болуп чыкканы көзгө өтө комсоо көрүнөт экен. Жаман эле жорук болду. Менин угушума караганда, айкелди түстүү металл экен деп уурдашыптыр. Аларды таап, жазасын бериш керек деп ойлойм, - дейт ал.

«Эркиндик» гүлбагындагы экинчи маектешибиз Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу Фелиск Борисов болуп чыкты. «Акындын артынан калган туягы Кулубек Бөкөнбаевди тааныйм» деп сөзүн баштаган Феликс Борисов ачуусун жашырган жок:

- Бул окуяны чектен чыккан жорук катары баалайм. Кылмышкерлерди таап, алардын катыгын бериш керек!

Билим берүү жана маданият министрлигинин тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу боюнча башкы адиси Барахан Карымшакованын айтымында, Жоомарт Бөкөнбаевдин айкели жашы жагынан да, жасалгаланышы жагынан да искусствонун мыкты чыгармаларынын бири катары баалуу эле:

- Айкелдин скульптору - Ольга Мануилова, архитектору - Василий Верюжский. Ошондуктан бизге искусствонун эң мыкты үлгүлөрүнүн бири катары жана мыкты инсаныбызга коюлганы үчүн өтө баалуу болчу. Мен кылмышкерлердин табылаарына ишенем. Себеби, аны түстүү металл деп кызыгып уурдап кетишти. Айкел жалтырак металлга кирген силимун деген алюминийге окшогон материалдан жасалыптыр. Азыр анын бир килограммы 80 сом турат экен, а айкелдин салмагы 100 килограммдын айланасында болчу дешет адистер. Уурулар үчүн айкел акча болсо, биз үчүн анын баасы жок болчу.

Барахан Карымшакованын маалыматына караганда, айкелди кайтарып, сактоо - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун милдети.

Билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев «айкелдин уурдалышы бетке чиркөө боло турган жагымсыз окуя болду, кылмышкерлер кармалса сөзсүз өз жазасын алууга тийиш» деген пикирде:

- Албетте, бетибизге чиркөө боло тургандай окуя болду. Анткени, Жоомарт Бөкөнбаев биздин улуттук адабияттын төл башында туруп, аны негиздеген таланттуу акындарыбыздын бири экендиги талашсыз факт. Менимче, бул катардагы эле вандализм эмес, себеби, барып көрдүк, бул атайлап жасалган акция деген да версия айтылууда. 1947-жылдан бери турган айкелди омкоруп кетүү эки кишинин колунан келбейт. Ошондон улам, аны түнкү каракчылар кран айдап келип чыгарып кеткенби деген да версиялар бар. Азыр адабият, маданият ишмерлери бизге кайрылып, «кылмышкерлерди таап, жазалагыла» деген адилет ойлорун айтып жатышат.

Белгилүү акын Кыялбек Урманбетов «Жоомарт Бөкөнбаевдин айкелинин уурдалышы бүгүнкү коомубуздун кандай абалда жашап жатканын көрсөтө турган күзгү болду» дейт:

- Жарым кылымдан бери ордунан жылбай турган Жоомартты жоготкон заманды, ал заманга жараша бузулган адамдарды күнөөлөгөнгө боло турган окуя болду. Бул биздин азыркы абалдын күзгүсү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун маалыматына караганда, изкубарлар азырынча айкелди түстүү металл соодалагандар дүйнө көрүп алып кетишсе керек деп, кылмышкерлерди издөөнү министр өзү көзөмөлгө алууда.

Айта кетүүчү нерсе - вандализмдин кесепеттери буга чейин эле байкалып келген болчу. Бишкектеги Саякбай Каралаевдин, Зууракан Кайназарованын, Максим Горькийдин айкелдерин ар кандай мазмундагы жазуулар карала-торала кылып булгаган фактылар учураган. Атургай вандалдар мындан 2-3 жыл мурда «Аларча» көрүстөнүнө чейин кирип, арбактардан айкел талашкан экен. «Азыр андай окуялар бололек, биз кайтаруну күчөттүк», - дейт «Аларча» көрүстөнүнүн кароолчусу. Айтмакчы, Жоомарт Бөкөнбаевдин бул жердеги көрүстөнүнүн боорундагы акынды тааныштырган кичинекей көрнөгү да жок болуп чыкты, аны да түстүү металл уулагандар чыгарып кетсе керек деген ойго келдик.

Акындын «Аларчадагы» эстелигинин бооруна:
«Арманым калбайт дүйнөдө,
«Актадың антың, балам» деп,
Артымдан калкым кубанса, - деген өзүнүн ыры чегилген экен.
XS
SM
MD
LG