Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

ФИНЛЯНДИЯДА ӨКМӨТ БАШЫНА ДА АЙЫМ КЕЛИШИ МҮМКҮН


Финляндияда жекшемби күнү өткөн шайлоодо оппозициядагы Борборчул партия саналуу добуш менен жеңип алды. Шайлоо жыйынтыгы президенти аял киши болгон өлкөдө өкмөт башына да аялдын келишине жол ачууда. Ошол эле убакта, азыр бийликте турган социял-демократтар борборчуларга куйрук улаш келип, жеңүүчүнүн колдоосу чектелүү болгондуктан, азыркы премьер-министр бийлигин сактап калышы да ажеп эмес.

Өткөн жумада ЕККУ өзүнүн Борбор Азия боюнча баш өкүлү кылып Финляндиянын мурдагы президенти Марти Ахтисаарини бекитпедиби. Ахтисаари 2000-жылдагы президенттик ат салышта Таря Халлонен айымга утулуп, дипломатиялык кызматка кеткен. Халлонендин аял болгону бир тең, анын шайланган кезде жалгыз бой болгону жана гомосексуалдардын укуктарын колдогону менен өзгөчөлөнгөн.

Бүгүн эми тили прото-түрктөрдүкү менен тектеш элдин, саунанын жана балыкчылардын, бейкуттуктун жана байгерчиликтин өлкөсүндө аял киши өкмөт башына келе турган кырдаал түзүлдү.

Алдын-ала эсептөө боюнча, 48 жаштагы экс-министр, юрист Аннели Жааттеенмарки айымдын Борборчулдар партиясы жекшемби күнү добуштардын 25 пайызын утуп алды. Бул 200 орундуу парламентте мурдагы агрардык партия 55 орунга ээ болгонун билдирет.

61 жаштагы премьер-министр Пааво Липонендин Социал-демократтары борборчулдардан болгону эки орун аз алып, экинчи болуп келишти. Ал эми Липпонендин коалициялык башкы шериги болгон Консерваторлор партиясы алты парламенттик мандатынан айрылып, 40 орун алды.

Шайлоо эки башкы партиянын жетекчилеринин жеке таймашы менен мүнөздөлдү. Ал эми талкууларда Финляндиянын аксаган экономикасын чыңдап, жумушсуздукту азайтуу маселеси үстөмдүк кылды.

Борборчул партиянын төрайымы СПД баштаган коалициянын жумушсуздукту эки эсе кыскартуу планын аркалай албаганына басым жасады. Финляндия - Европа Биримдигинде эң көп сандагы жумушсуздар катталган өлкөлөрдүн бири.

Эч бир согуштук альянска кошулбаган, 5.2 миллион калкынын басымдуу бөлүгү Ирак согушуна каршы болгон өлкөдө жеңүүчү партиянын жетекчиси азыркы премьер-министрге АКШнын Ирак боюнча катаң позициясына өтө эле жакын деп кине койду.

Арийне, өкмөт түзүү жеңил болбойт шекилдүү. Эгер жеңүүчү партиянын төрайымы премьер-министр болуп шайланса, Финляндия Европа Биримдигинде өкмөт башчысы да, президенти да аялдар болгон биринчи өлкө болуп калат.

Бирок борборчулдар коалициялык өкмөт курай албаса, азыркы төрт партиялуу коалиция бийлигин сактап калышы да мүмкүн. "Борборчулар бийликке келиш үчүн, социал-демократтарга премьерликти калтырып, экинчи орундагы коалициялык шерик болууга макул болушу ыктымал" дейт Або Академи университетинин профессору Лаури Карвонен.

Жолдуу болуп борборчулар бийликке келсе, Финляндиянын экономикалык жана тышкы саясатында чоң өзгөрүү боло койбойт. Консервативдик партияга добуш берген Жак Харас белгилегендей, Европа Биримдигинин байманалуу өлкөсү болгон Финляндияда Ирактан башка элди ичинен бөлүп-жара турган чийелешкен маселелер дээрлик жокко эсе.

Жекшембиде күн жылуу болуп, шайлоочулардын активдүүлүгүнө таасир этти окшойт. Болбосо, 60-жылдардан бери шайлоого катышкандардын саны такай төмөндөп келген эле. 16-мартта шайлоого укугу бар 4.2 миллион финдин 70 пайызга жакыны келди.
XS
SM
MD
LG