Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ИРАК ДИКТАТОРУНА УЛЬТИМАТУМ КОЙДУ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Саддам Хусейнге ультиматум жарыялады. АКШнын айтымында, Ирак режими БУУнун 1441-резолюциясынын талаптарына моюн сунган жок. Бир нече саат мурдараак АКШ, Британия жана Испания Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешине өздөрү сунуш кылган Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун кайра кайтарып алышкан.

АКШнын президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегизде – Бишкек убактысы боюнча шейшембиде (18-мартта) таңкы саат алтыда сыналгыдан жалпы улутка кайрылуу менен чыгып сүйлөп, Ирак режимине карата өз ультиматумун жарыялады. Президент Буштун кайрылуусунун башкы талабы Багдад режиминин кожоюну Саддам Хусейнге багытталды. АКШ мамлекет башчысы Саддам Хусейнге 48 саат ичинде өлкөдөн ыктыярдуу чыгып кетүү аркылуу согушту болтурбай коюу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылды. Буштун айтымында, Саддам Хусейн бул ультиматумга баш ийбесе, анын режимине каршы чечкиндүү согуш башталат, бирок бул согуш – ирак элине каршы эмес, тескерисинче, ирак элин диктатурадан куткарууну мүдөө кылган өнөктүк. АКШнын мамлекет башчысы ирак элине согуштан кийинки демократиялык коомду курууга ар тараптуу көмөк көрсөтүлөөрүн да кайрылуусунда белгиледи.

Британ өкмөтүнүн укук маселелери боюнча кеңешчиси, лорд Голдсмиттин оюнча, АКШ менен анын ынтымакташтары Иракка каршы согуш аракеттерин мыйзам ченемдүү баштоо үчүн БУУнун буга чейинки кабыл алынган резолюцияларына таяна алат.

Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов ушул эле резолюциялар тууралуу дүйшөмбүдө сөз кылып, алар Иракка каршы аскер өнөктүгүн жүргүзүүгө эч кимге укук бере албастыгын эскертти. Бириккен Улуттардын Башкы катчысы Кофи Аннан да дүйшөмбү күнү чыгып сүйлөп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатын албай туруп Иракка каршы согуш аракетин баштоо мыйзамсыз экенин баса белгиледи:

- Эгерде Коопсуздук кеңешинин колдоосун албастан мындай аскердик аракет жүргүзүлчү болсо, анда ал аракеттин мыйзамдуулугу суроо туудурат жана мындай аракет колдоодон ажырайт.

Кофи Аннан согуш деген дайыма алаамат алып келээрин эскертип, бул күн ар бир киши үчүн кайгылуу күн болуп калганын айтты.

Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен Ирак маселесин чечүү үчүн дипломатиялык жолду пайдалануудан расмий Вашингтон, Лондон жана Мадриддин баш тартканына өз өкүнүчүн дүйшөмбү күнү кечинде билдирди.

Ирак режиминин жетекчилиги болсо кашык каны калгыча согушууга даярдыгын билдирүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министри Нажи Сабри жалпы араб өлкөлөрүнүн калктарына жекшемби күнү мындай сөзү менен кайрылды:

- Мен араб калайыгын ишендирип өткүм келет, биз 13 жылдан 20 жылга чейин жете тургандай курал-жаракка, аскер күчүнө жана башка каражатка ээбиз. Биз азыркы муундун “Геркулестери” болгон америкалыктарды ирак чөлүндө күм-жам кылып көмүү үчүн 13 же 20 жыл бою салгылашууга бармакчыбыз.

Нажи Сабринин бул сөздөрү ирактык режимде кандайдыр-бир олуттуу курал-жарак бар экендигине ишаара кылууда. Дүйшөмбү күнү кечинде Нажи Сабри согушту болтурбоонун жолу катары президент Буштун өзүн кызматтан кетирүү керектигин сунуш кылды. Президент Саддам Хусейн чет өлкөгө бозгунчулукка кетүү тууралуу сунуштарды жарабаган сөз катары дагы бир ирет четке какты.

Кандай болсо да, жакынкы бир нече саатта же жакынкы бир-эки күн ичинде дүйнө коомчулугу кылым башындагы олуттуу кагылышуунун аргасыз күбөсү болчудай. Ушул тапта АКШнын 235 миңдей аскери жана Британиянын 45 миңдей жоокери Перс булуңунда урушка кирүү үчүн толук даярдыкта турат. Австралия да 2 миңдей жоокерин Иракка каршы согушка катыштыраарын шейшембиде маалымдады. Саат жебеси согуш менен тынчтыкты ажыраткан көз ирмемдерди көздөй илгерилеп, улам күч алып чыкылдоодо.

XS
SM
MD
LG