Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Македонияда бейпилдик орнотуу жоопкерчилиги НАТОдон Европа Биримдигине өттү


НАТО уюму 17-марттан тартып өзүнүн Македониядагы бейпилдик орнотуу аракеттерин токтотту жана ал милдетти Европа Биримдигине өткөрүп берди. НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон кечээ күнү атайын билдирүү жасап, бул чара НАТО менен Европа Биримдиги ортосундагы кызматташууну да күчөтөт деп билдирди. Македонияга 2001-жылы 700гө жакын НАТО аскери киргизилген жана акыркы мезгилде өлкөдө алардын 320сы калган. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери маселени 18-19-мартта Брюссел шаарында чогулуп карайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG