Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Палестина парламенти жетекчиликке премьерлик кызмат киргизүүгө макул болду


Израилдин аскерлери 18-мартта Йордан дарыясынын батыш жээгинде эки арабды атып өлтүрдү. Жөөт өкмөтүнүн айтымында, бир нече террор актын уюштарган Насер Асидех жана "Хамас" уюмунун жетекчилеринин бири Али Эльян өлтүрүлдү. Палестина парламенти болсо ошол эле 18-мартта автономия жетекчилигинде премьер-министрдин кызматын киргизүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Мурда өкмөт мүчөлөрүн автономия жетекчиси Яссир Арафат өзү дайындачу, эми ал премьер-министр кылып Махмуд Аббасты беките турганы күтүлүүдө жана өкмөттү кийин Аббас түзөт. АКШ президенти Жорж Буш өткөн аптада атайын жарыя жасап, Палестинада премьер-министр дайындалгандан кийин¸ Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план жарыяланат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG