Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Британия жетекчилери Ирак маселеси менен байланыштуу кызматтарынан чегинүүдө


Улуу Британиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Филип Хант Ирак маселеси менен байланыштуу 18-мартта кызматынан чегинди. Анын айтымында, ал премьер-министр Тони Блэрдин саясаты менен макул эмес. 17-мартта болсо өлкө парламентинин эл өкүлдөр жыйынынын жетекчиси Робин Кук да кызматтан өз ыктыяры менен кеткен. Куктун айтымында, эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, Улуу Британия Иракка каршы баштала турган согушту колдоп жатканы менен ал макул эмес. Кук мурда өлкөнүн тышкы иштер министри болгон.

XS
SM
MD
LG