Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Бириккен Улуттардын инспекторлору Ирактагы ишин токтотту


Эл аралык текшерүүчүлөр 18-мартта эртең менен Ирактан чыгып кетти. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү атайын буйрук чыгарып, Ирактын аймагында аракеттенген бардык дипломаттар жана Бириккен Улуттардын кызматкерлери, алардын ичинде инспекторлор да өлкөдөн чыгып кетиши керек деп билдирген. Ирактын тышкы иштер министри Нажи Сабринин айтымында, Бириккен Улуттар өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликке жетпей, согушту токтото алган жок. Эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс Иракка коюлган талаптардын тизмесин түзүп, аны кечээ күнү гана жарыялаган, бирок алар эми каралбай калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG