Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН МИНАЛАРДАН ТАЗАЛОО МАСЕЛЕСИ ТАШКЕН ОТУРУМУНДА ТАЛКУУЛАНГАН ЖОК


12-16-мартта кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссия Ташкенде кезектеги отурумун өткөрдү. Ташкен отуруму чек арадагы талаштуу маселелердин айрымдарын чечүүгө мүмкүндүк түздү. Анын жыйынтыктары тууралуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымат берди.

Кыргыз-өзбек чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиянын Ташкен отуруму үч багытта иштеди. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринен тышкары, анда көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарды түзүү жөнүндө эки өкмөт ортосундагы макулдашуунун долбоорун эксперттик топ талкуулады. Ал эми үчүнчү топ Карасуу районунун аймагына жакын жайгашкан Барак анклавында түзүлгөн проблеманы жөнгө салуу милдетин алды. Бул үч маселеде тең жылыштар болгонун тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында билдирди. Башкача айтканда, биринчи маселе боюнча тараптар кыргыз-өзбек чек арасынын мурда демаркацияланган 691 чакырымына кошумча 22 чакырымга жакын чек ара тилкесинин маселесин чечишти. Л. Иманалиева калк өтө жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү бул чек ара тилкеси өтө кылдат мамилени талап кылып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында Барак анклавынын маселеси да бир ыктай чечилди:

- Тараптар Кыргыз Республикасынын Барак айылынан Өзбекстандын Бирлашкан айылы аркылуу автотранспорт байланышын жаңыртуу боюнча макулдашты. Бул кыргыз жарандарынын автотранспортто жүк жана товар алып өтүшүн шарттайт. Сүйлөшүү жарандардын өз ара транспорт каттамы тууралуу 2000-жылдын 2-июлунда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун чегинде ишке ашты.

Тараптар көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттар боюнча маселени да чечүүгө аракет кылышты. Отурумда талкууланган макулдашуунун долбоорунда кыргыз-өзбек чек арасына 13 пункт орнотуу белгиленди. Бирок, Кыргызстан тарап чек арага 18 пункт орнотууга ынтызар. Жакын арада макулдашууга кол коюлса, жалпысынан эки жылдан бери түзүлүп келаткан жагдай юридикалык жактан чечилет.

Бирок Ташкен отурумунун күн тартибине эки өлкөнүн өз ара мамилесиндеги олуттуу жагдай катары саналып келаткан чек ара аймактарын минадан тазалоо жана анклавдар тууралуу маселелер кирген жок.

- Бул эки маселе комиссиянын отурумунда каралган жок. Себеби өзбек тарап мина талааларынын картасын берүү тууралуу өз көз карашын жана чек араны минадан арылтууга байланышкан маалыматты Кыргызстан тарапка расмий билдире элек, - деди Иманалиева.

Кыргызстандын түштүк чек арасына Өзбекстан тарабынан коюлган миналардан чек араны тазалоо маселеси мындан мурда Киевде өткөн КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусунда эки тараптуу түрдө талкууланган. Анда өзбек жетекчилиги мина талааларынын такталган картасын берүү маселесин байкаштырууну убада кылган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселелер күн тартибинде турганы менен, аларды өтө опурталдуу жагдай катары саноого болбой турганын тышкы иштер министринин орун басары мындайча түшүндүрдү:

- Муну мен өтө коркунучтуу жагдай деп айтпас элем. Азыр Ирактагы кырдаалга саат санап, күн санап көз салып жатабыз. Мына ушул жагдай алда канча кооптуу.

Лидия Иманалиеванын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштар - дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен акырындап жөнгө салына турган маселе.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG