Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Ысыккөл облусундагы Балыкчы шаарында турак үйлөрдүн астынан суу чыгууда


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусундагы Балыкчы шаарында турак үйлөрдүн астынан суу чыгууда. Айрыкча шаардын № 2-кварталынын тургундары «турак үйлөрдүн алдынан чыккан сууну чукул арада кургатпаса, эл жашаган үйлөргө коркунуч келиши толук мүмкүн» деп, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам сурап кайрылышты. Анткени жер алдынан чыккан сууну кургатыш үчүн керектүү техникадан тышкары 2,5 чакырымга жакын аралыкка дренаж каналын казууга туура келүүдө. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Элдин «ашар» жолу менен кыйынчылыктан чыгышы күмөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG