Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Тышкы иштер министринин орун басарлары дайындалды


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен Талант Кушчубеков Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал министрдин орун басары болуп иштеп келген. Өкмөт башчысынын дагы бир буйругу менен тышкы иштер министринин орун басарлыгына Жээнбек Кулубаев дайындалды. Ж.Кулубаев буга чейин министрликтин Чыгыш башкармалыгын жетектеп келген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы шейшембиде кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG