Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Кыргызстандагы Байланыш операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү Универсалдуу кызмат көрсөтүү фондун түзүүгө каршы чыгышты


БИШКЕК. 18-мартта Кыргызстандагы Байланыш операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү маалымат жыйынынын өткөрүп, анда Универсалдуу кызмат көрсөтүү фондунун түзүлүшүнө каршы экендиктерин жарыялашты. «Ареопаг-Бишкек» коомунун башкы директору Нурбек Турдукуловдун айтымында, Транспорт жана коммуникация министрлиги түзүп жаткан бул фонд, түшкөн каражаты кайда жумшалаары белгисиз Жол фондуна окшоп калышы ажеп эмес. Универсалдуу кызмат көрсөтүү фонду алыскы 450 айылда байланыш кызматын жакшыртуу максаты менен түзүлүп жатат. Өкмөт ал үчүн байланыш боюнча лицензиясы бар бардык компаниялардын кирешесинен 3% салык алууну көздөп жаткан. Кыргызстанда байланыш тармагына салынган салыктын көлөмү азыр 33% түзөт, эгер 3% үстөк кошулса анын көлөмү 36% жетиши мүмкүн. Ошондуктан байланыш операторлору аталган фондду бюджеттин эсебинен түзүүнү сунуш кылышууда.

XS
SM
MD
LG