Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Президент А. Акаев Норвегия менен Финляндияга расмий иш сапары менен барат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 31-марттан 4-апрелге чейин Норвегия жана Финляндия мамлекеттеринде расмий иш сапары менен болот. Бул тууралуу шейшембиде президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн кызматкери Айбек Тилебалиев маалымдады. Анын айтымында, кыргыз президентинин иш сапары учурунда экономикалык кызматташуу боюнча төрт документке кол коюлушу күтүлөт. Президент А.Акаев Норвегия менен Финляндиянын жогорку жетекчилери менен жолугушуп, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
17-мартта болсо президент Аскар Акаев, андан кийин тышкы иштер министри Аскар Айтматов Норвегиянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ойвинд Норделеттенди кабыл алышты. Элчи Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушууда Норвегия Кыргызстан менен гидроэнергетика, Майлысуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча кызматташууну улантууга ынтызар экенин билдирген. Тараптар Ирак маселеси боюнча пикир алышып, Аскар Айтматов Кыргызстан бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында, тынчтык жол менен чечүүнү жактаарын белгилеген.

XS
SM
MD
LG