Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналардын маселеси чечиле элек


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына коюлган миналар жана алардын картасын алуу маселеси эки мамлекеттин чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын 11-16-мартта Ташкенде өткөн отурумунда каралган жок. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тарабынын төрагасы Саламат Аламанов 18-марттагы маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, бул өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечиле турган маселе болгондуктан, комиссиянын отурумунун күн тартибине киргизилген эмес. Комиссия бул жолу эки мамлекеттин ортосундагы 1492 чакырымга созулган чек ара тилкесининин 22 чакырымы боюнча макулдашып, Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак айылына каттамды кайра калыбына келтирди. Мындан тышкары комиссия чек арада текшерип-өткөрүүчү пункттар боюнча макулдашуунун долбоорун даярдады. С. Аламанов ошондой эле Кыргызстан азыр Кытай менен чек ара тилкесин толук макулдашып бүтүп, Казакстан менен такташа элек эки гана участок калгандыгын жана Өзбекстан менен чек ара боюнча кийинки сүйлөшүү Бишкекте болоорун кабарлады.

XS
SM
MD
LG