Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

САДДАМ ХУСЕЙН ИРАКТАН ЭЧ ЖАККА КЕТПЕЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирак АКШ президенти Жорж Буштун ультиматумун четке какты. Ирактын БУУдагы өкүлү АКШнын Иракка кол салуусу чоң катачылык боло турганын эскертти.

АКШ президентинин теледен көрсөтүлгөн ультиматум –кайрылуусунан кийин жасаган билдирүүсүндө Ирактын Улуттар Уюмундагы өкүлү Мухаммед ад-Доури президент Саддам Хусейнди бийликтен четтетүү максатында Иракка кол салуу "өтө чоң катачылык болот"- деп эскертти:

- Ирак Буштун талаптарын кабыл албайт. АКШ администрациясынын менин өлкөмө каршы согуш ачышы биздин регионду эле эмес, дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүн да бейстабилдештирет. Бул Ирак жана жалпы регионго эле эмес, Американын өзүнө да жамандык алып келет.

Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын телевидениесинен жасаган кайрылуусунда Буш: "Кан ичкич диктатор өлкөнү 48 сааттын ичинде таштап кетүүгө тийиш, эгер Хусейн бул талапты аткарбаса, ал күч менен кетирилет"- деп билдирген. Американын талабы боюнча Хусейн уулдары Кусай жана Удай менен Ирактан 48 сааттын ичинде өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө тийиш. Ультиматумдун мөөнөтү бейшемби күнү Ирак убактысы боюнча таңкы саат 4:15те соңуна чыгат.

Бирок Буштун ультиматумунан Хусейндин жүрөгү опкоолжуганы байкалган жок. 18-мартта эртең менен жасаган билдирүсүндө Хусейн Ирактан эч жакка кетпей турганын билдирди. Ал Ирактыктар тамчы каны калгыча коргоно турганын эскертти.

"Ирактыктар өз мекени үчүн өлүүгө даяр. Алар Ирактын ар бир дубалын, ар бир дарагын коргошот!"- деп билдирди Хуссейн.

Ультиматумдун алдында жасаган билдирүсүндө Хусейн Иракта массалык кыргын салуучу куралдар чындыгында эле болгонун, өлкө кезинде андай куралды Израил менен Ирандан коргонуу максатында чыгарганын мойнуна алган жана ал куралдын баары эчак эле жок кылынганын айткан.

Хусейндин Ирактан чыгып кетүүсүн Бириккен Араб Эмирликтери баш болгон айрым араб мамлекеттери бир нече курдай сунуш кылышканын айта кетүү абзел. Бирок Хусейн ал сунушту четке каккан. Бул талапты араб лигасы да жактырган эмес. Ал Хусейнди бийликтен кетирүү талабы лигага мүчө мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө эрежесине төп келбесин билдирген.

Ошентсе да беймаалым калууну каалаган дипломаттар Хусейндин өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн ыктымалдыгы жөнүндө Ирак өкмөтүнүн айрым чөйрөлөрүндө сөз болгонун жана ага баш баана бере алчу өлкөлөр катары Куба, Ливия, Түндүк Корея, Беларусь аталганын айтышат. Саддамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө Иран да баш баана сунуш кылган. Бирок Хусейн мурдагы айтканынан кайтпай тургандыгын билдирүүдө. "Мен Иракта төрөлгөм, өлсөм Иракта өлөм!"- деп айткан Хусейн.

Өткөн аптанын соңунда Хусейн өлкөдө ыктымал боло турган согушка байланыштуу атайын жарлыгын таратты. Жарлык Саддам агрессорлорго катуу каршылык көрсөтүүгө жана көптөгөн америкалык жана британиялык аскерлердин Иракта "акыркы жайын табуусу" үчүн чечкиндүү салгылашууга экенин айгинилейт.

Жардык боюнча өлкө төрт аскердик зонага бөлүнүп, ар бир зонага өзүнчө аскердик командачы дайындалды. Анын бирине Саддамдын уулу Кусай, дагы бирөөнө жакын тууганы командачылык кылмакчы. Аскер башчылыгына ишенимдүү адамдарын койгон Хусейн байланыш системасы кыйрап, Багдаддан берилген буйрук жетпей калган учурда да алардын командачылыкты өз алдынча алып кете алаарына үмүт кылат.

18-март күнү Ирактан БУУнун курал инспекторлору чыгып кетишти. Инспекторлордун өкүлү Хиро Уэки кетип жатып: "Биз Ирактан кетип жатабыз. Ишибиздин өтөлүнө чыктык деп ойлойм. Ирактыктарга бакыт каалайм", - деп айтты. Өлкөдөн чет элдик элчиликтердин кызматкерлери, чет элдик журналисттер жана башка чет элдик жарандар шашылыш кетип жатышат.

Ирактын карапайым калкы болсо согушка чукул камылга көрүп жатат. Багдадда өзгөчө дүрбөлөң байкалбайт. Бирок көптөгөн үй- бүлөлөр бала-бакырасын Багдаддан коопсузураак элет жерине чыгарып кетүүдө. Бензин менен газдын 91-жылкыдай кымбаттап кетээринен кооптонгон калк бензиндин корун камдоодо. Соодагерлер соодасын токтотуп, дүкөндөрүн ыктымал боло турган талоодон темир тосмолор менен бекитип, товарларын коопсуз жерге чыгарып кетип жатышат.

Карапайым калк үй терезелерин атайын тасмалар менен чаптап, айнектердин чачырашынан сактанып жатат. Багдадда бомбалоодон коргонуучу жайлар жокко эсе. Ошон үчүн калк бомбалоо учурунда өз үйлөрүндө терезелери жок бөлмөлөрдө, же окоптордо жашынмакчы.

Ал эми Саддам Хусейндин өзү болсо АКШнын электрондук детекторлору жетпеген жерде болуп, аскердик операцияларга ошол жерден баш болоору божомолдонот. Айрым адамдарга бул өзүн-өзү өлтүрүү катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок комментаторлор Саддам өлкөдөн качып, башка бир жерден баш баана сурагандан көрө, акыркы демине чейин мекендештери менен болуп, жан берген көсөм катары тарыхка кирүүнү артык көрө турганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG