Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

КАНТТАГЫ ОРУС АВИАБАЗАСЫНЫН МАКСАТЫ ЭМНЕ?


Кыргызстандын «Манас» аба майданында АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскер учактары жайгашкан. Ошол эле учурда бийлик Кант аба майданын Орусиянын аскер учактарына пайдаланууга берүүдө. Бул кадамды талдоочулар Орусиянын Борбордук Азия аймагына кайтып келиши катары баалашты. Кантта жайгаша турган авиабаза кандай максатты көздөйт жана ал канча убакытка келет? Саясатчылардын бул маселеге карата пикирлери бир өңчөй эмес.

Апрель-май айларында Кант аба майданына Орусиянын «СУ-25» жана «СУ-27» аскер учактары келмекчи. Орусия бир учурда Борбордук Азия аймагынан, Тажикстанды эске албаганда, өз аскер күчтөрүн чыгарып кеткен болчу. Бирок АКШ Кыргызстандын «Манас» аба майданына жана Өзбекстандын Ханабадына аскер күчтөрүн жайгаштыргандан кийин Орусия да Борбордук Азиядагы өзүнүн таасирин сактап калууга аракеттене баштады. Эгер АКШ Ооганстандагы терроризмди бетке кармап Борбордук Азияга келсе, Орусия Кантка Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында аскер учактарын жайгаштырууда.

Бул иштер Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов 2002-жылдын 4-декабрында Кыргызстанга келип, Кант аба майданы менен таанышкандан кийин өзгөчө күч алды. Авиабазанын максаты тууралуу ал күнү Сергей Иванов маалымат жыйынында журналисттерге мындай деген эле:

- Борбордук Азиянын коопсуздугу, бул сөздүн кеңири маанисинде, Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Тажикстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда тигил же бул процесстер кандай жүрсө - анын баары Орусия үчүн маанилүү. Бул аймактан көп алыс эмес Ооганстанда да кырдаал көңүлдөгүдөй деп айтууга болбойт. Ошондон улам Орусиянын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашуусу биздин кызыкчылыктагы иш. Кайсы жерде мүмкүн болсо ошол жерге аскерлерибизди жайгаштырабыз. Кайсы жерде бизди күтүшсө ошол жерге барабыз. Анткени, баса көрсөтүп коёюн, бул Орусиянын өз коопсуздугу үчүн маанилүү.

Кант аба майданында жайгаша турган орустардын авиабазасы боюнча акыркы документтер Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов 2003-жылдын 14-16-мартта Кыргызстанга келгенде биротоло такталды. Владимир Михайлов орус учкучтарынын максаты тууралуу:

- Биз согушуу максатында эмес, региондогу туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо үчүн келебиз, - деди Кант аба майданында 14-март күнү журналисттерге.

«Муну Орусиянын Борбордук Азия регионуна кайра кайтып келиши катары түшүнсө болобу?» деген суроого ал:

- Биз анча деле алыстап кеткен эмеспиз. Муну кайтып келүү дегенге караганда, учурдун талабы деп айтканыбыз туура болот го, - деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, генерал-майор Исмаил Исаков болсо «Орусия регионго кечигип келди, ошондуктан көптү уттурду» деген ойдо.

- Орусиянын аскер күчтөрү Кыргызстанга кечигип келди. Мен Коргоо министрлигинде иштеп турганда эле биз Орусияга Кант аба майданын пайдаланууга берүү сунушу менен кайрылганбыз. Себеби, ага юридикалык негиз бар эле – Кыргызстандын да, Орусиянын да Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө болуп турганы буга ыңгайлуу шарт түзгөн. Бирок Орусия убагында мындай сунуштарга маани берген эмес. АКШ аскер күчтөрүн алып келгенин, Борбордук Азия колдон чыгып, алыстап баратканын түшүнгөн Орусия региондогу таасирин кайра калыбына келтирүүнү эми ойлоп отурат. Муну эми туура эмес деп айталбайбыз, себеби, юридикалык келишим бар. Ал - 1992-жылы түзүлгөн Коллективдүү Коопсуздук Келишими.

Исмаил Исаков «Орусиянын кечигип келип жаткан аскерий күчтөрү туруктуу отурукташат деп айтыш өтө оор, себеби, Кыргызстан Американын таасиринде калды» деп эсептейт.

- Орус күчтөрүнүн Кыргызстанга келиши, алардын максаты өзүнчө келишим менен аныкталышы керек. Азырынча андай документтер парламенттин кароосуна сунуштала элек, - деп сөзүн аяктады генерал-депутат.

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров «Кыргызстанда бир эле учурда АКШнын да, Орусиянын да аскер учактарын жайгаштырып, азыркы бийлик өз режимин чыңдоону максат кылууда» дейт.

- Аскар Акаевич кош стандарт эмес, үч стандарттагы саясат жүргүзгөнүнө тан беришибиз керек. Бул – Кытайга Үзөнгүкуушту берип Кытай менен мамилесин оңдоп алганы, Орусияга болсо Канттагы жана Тамгадагы аба майдандарын берип, алардын көңүлүн алганы. Ал эми Америкага болсо «мына карабайсыңарбы, болгондо да борбор шаардын өзүндө авиабазаны кармап турам» деп АКШ демократтарынын сынынан кутулду, - деди А. Бекназаров бул туурасында.

Оппозиция өкүлдөрүнүн сын-пикирлерине Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов макул эмес. Анын айтымында, чет элдик аскер учактарынын Кыргызстанда жайгашкандыгы өлкөнүн тышкы коопсуздугун сактоого оң таасир тийгизип жатат.

- «СУ-25» жана «СУ-27» истребителдери Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн арсеналында жок. Бизде болгону «МИ-21» учактары гана бар, алар Канттан гана уча алышат. Оштогу чек арага жетип кайра кайрылгыча абада согуштук аракеттер үчүн 3 гана мүнөт калат экен. Ал эми «СУ-25» учактары тоо шартында согушчандарга каршы күрөшүүгө өтө ыңгайлуу. Биз бул учактарды Орусиядан Кыргызстандын коопсуздугу үчүн сураганбыз. Анын үстүнө биздин учкучтар карталар менен машыгып, өз чеберчилигин арттырууга да мүмкүнчүлүк алышты. Кокус согушчандар кол салса, аларды дароо жок кылуу - истребителдердин негизги милдети. Согушчандар да муну түшүндү сыяктанат, эми алар кол салаардан мурда өз чама-чаркын ойлогонго аргасыз, - дейт Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы.
XS
SM
MD
LG