Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бүгүн уюмдун башкы курал эксперти Ханс Бликсти угууга чогулушат


Алар Ирактын массалык кыргын куралдан арылганын далилдөө үчүн, кандай иш-чаралар керектигин талкуулашат. 15 мамлекет кирген Кеңештин мүчөлөрүнөн АКШнын же Британиянын тышкы иштер министрлери жыйынга келет деп күтүлбөйт.
Ал эми Европа Шериктештигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде жолугуп, АКШнын Иракка кол салуу планын талкуулашты. Евросоюздун тышкы саясаты боюнча комиссары Хавиер Солана кризистин дипломатиянын күчү менен чечилбегенине "катуу нааразы" экенин айтты. Ушул эле жыйында согуш башталса, Иракка 20 миллион евро чукул жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG