Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

АКШ Саддам кетсе да Иракка аскер жиберет


Ак Үйдүн билдиришинче, АКШнын президенти Жорж Буш Саддам Хусейн сүргүнгө кетсе да, Иракка коалициялык аскер жиберүүгө нийеттенет. Ак Үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшер муну Вашингтондо өткөн брифингде ачыктады.
Дүйшөмбүдө Буш "Ирак президенти жана анын уулдары 48 сааттын ичинде Ирактан чыгып кетпесе, согуш ачабыз" деген ультиматум койгон эле. Ультиматумдун мөөнөтү бүрсүгүнү – бейшембиде, Бишкек убактысы боюнча таңкы саат алтыда аяктайт.
Кувейтте бүгүн британ аскерлери суюлтулган уран менен октолгон дүрмөттөрдү атып, машыгуу жүргүзүштү.

XS
SM
MD
LG