Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын борбордук аянтында жалпы элдик оюн-зоок өткөрүлөт


БИШКЕК. Нооруз майрамына байланыштуу Бишкектеги борбордук «Алатоо» аянтында 21-мартта эртең менен саат 10дон баштап, жалпы элдик маданий эс алуу үчүн шаңдуу оюн-зоок, спорттук мелдештер өткөрүлөт. Борбордук аянтты милиция кызматкерлери тосушпайт. Эс алуу парктарында, шаардын чет-жакасында жаңыдан курулган кичирайондордо майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Кечкисин борбордук аянтта жаштар үчүн дискотека жана концерттик программалар тартууланып, майрамдын урматына салют атылат. Ноорузга байланыштуу маданий-массалык иштерге 300 миң сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул тууралуу маалымат 19-мартта Билим берүү жана маданият министрлигинен алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG