Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан чыккан дарттан сактануу боюнча аракет көрүүдө


БИШКЕК. «Кытайдын өпкө оорусу» деген ат менен таралып бараткан оорудан сактаныш үчүн Кыргызстандан Башкы санитардык врачы токтом кабыл алып, «Манас», «Ош» аэропортторунда, «Торугарт», «Эркечтам» чек ара бекеттеринде жана «Кайыңды» темир жол станциясында чет өлкөдөн келаткан унаа менен жүргүнчүлөргө медициналык текшерүүнү күчөтүү милдетин койду. «Бул ооруга чалдыккандыгы тууралуу шектүү адамдар жана алар менен бирге жүргөндөр дароо бөлүнсүн» деген буйрук берилди. Ал үчүн жогоруда аталган жайларда медициналык пункттар даярдалууда. «Кытайдын өпкө оорусу» деген ат менен ушул жылдын февраль айында адегенде Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде пайда болгон оору менен азыр дүйнөдө 1000 адам ооруп, ушу тапта алардын 17си каза тапты. Дарт аба аркылуу тарап, сасык тумоо өңдөнүп башталат да, бир нече күндөн кийин өпкөнүн сезгенген оорусуна өтүп кетет.

XS
SM
MD
LG