Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Аксы окуясында курман болгондордун энелери Бишкекке келишет


БИШКЕК. Былтыр Аксы окуясында курман болгон жарандардын энелери, эже-карындаштары түзгөн «Энелер коомунун» мүчөлөрү жакында Бишкекке келип, жакындарынын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалап берүү талабы менен Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышат. Бул тууралуу 19-мартта өткөн маалымат жыйынында Коммунисттик партиянын 17-мартта Аксыга барып келген лидери Клара Ажыбекова, «Арнамыс» партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова жана «Эркиндик» партиясынын төрагасынын орун басары Азиза Абдрасулова кабарлашты. Алардын айтымында, «Энелер коомунун» мүчөлөрү күнөөкөрлөр жазаланмайынча узак мөөнөттүү пикет өткөрүп, Өкмөт Үйүнүн алдында отура беришээрин айтышкан. Ал эми депутат Азимбек Бекназаровду коргоо боюнча коомдук комитеттин Аксыдагы кеңсесинин өкүлү Дилбар Момункуловадан ушул күнү алынган маалыматка караганда, азыр район боюнча «Энелер коомунун» демилгесин колдогон аялдардын саны 300дөн ашып калды жана алардын көбү каза болгондордун жылдыгын өткөргөндөн кийин эле Бишкекке жөнөөгө камданышууда.

XS
SM
MD
LG